Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мамырбай Тайлак уулу

Баш барак | Биографиялар | Мамырбай Тайлак уулу

Мамырбай ажы (1870, Ак-Коргон конушу, азыркы Жети-Өгүз айлына жакын -1933, Туюк-Аң конушу, азыркы Жети-Өгүз району, Кабак айлына жакын) - ишкана ээси, агартуучу, саякатчы. Бугу уруусунун белек уругунан чыккан бийдин тукуму. Ата-энесинен эрте ажырап 12 жашынйн бай тууганыныкында жалданып жан баккан. 20-кылымдын башында Караколдогу орус, татар ишкана ээлерине жалданып, алардан устачылык, соодагерчиликти үйрөнүп, бай соода үйлөрүнүн агенти болуп калат. Андан кийин алардын жардамы менен өзүнүн соода дүкөндөрүн ачат (ал жүн, тери, кийиз жана башкалар саткан).

Столыпиндик агр. реформанын убагында үй-бүлөсү, бир туугандары Жети-Өгүз капчыгайынын Бөйрөк деген жеринде (азыркы Жети-Өгүз курортунун аймагы) отурукташкан. Бул жерде тегирмен куруп, дүкөн ачып, мал чарбадыйканчылык чарбасын түзөт. Башка көчмөндөр менен биригип, Жети-Өгүз капчыгайында жайкы жайытка чейин жол чабышып, сууга көпүрө курушат. 1912-жылы Ысык-Көлдүк кыргыздар тобу менен Сауд Арабстанына (Казакстан, Астрахань, Закавказье, Кара, Жер Ортолук, Кызыл деңиздер аркылуу) саякат жасайт.

Келгенден кийин (1913) Бөйрөктө мектеп-медресе (чырактык Кодонтай ажы менен биригип) ачат. Анда балдар менен кыздар чогуу окушкан. Бул мектепте Ы. Абдырахманов мугалимдик кылган. 1916-жылы көтөрүлүштө Кытайга качып, падыша өкмөтү кулагандан кийин өз жерине кайтып келген. М. ажы карапайым элге каралашып, балдарды окутуп, тарбиялоого көмөктөш болгон. Орус менен кыргыздардын ортосунда мамиленин оңолушун жактаган. Жети-Өгүз капчыгайында «Мамырбай ажыга урук-тукумунан алкыш» деген жазуусу бар эстелик турат.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 580, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу