Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Манас аэропорту

Баш барак | Башкалар | Манас аэропорту

«Манас» аэропорту – Борбордук Азиядагы модернизацияланган эл аралык аэропорттордун бири, ААК. Бишкек шаарынан анча алыс эмес (23 км) түндүк-батышта деңиз деңгээлинен 637 м бийиктикте жайгашкан. Долбоорун «Кыргызгипрокурулуш» долбоорлоо институтунун жамааты иштеп чыккан. «Манас» аэропорту 1973-жылы курула баштап, 1974-жылы пайдаланууга берилген. 1993-жылы аэропорттун эл аралык сектору ишке киргизилип, 2001-жылдары «Манас» эл аралык ААК түзүлгөн. Акционерлери: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети (79,0533%) жана Кыргыз Республикасынын социалдык фонду (8,4635%). 2009-жылы «Манас» аэропорту эл аралык ICAO уюмунун эки аудитинен өтүп, «4Е» белгисине ээ болуп, заманбап талаптарга ылайык, учурдагы дизайн менен кайрадан оңдолду. Аба транспортунун дээрлик бардык түрүн күнү-түнү кабыл алат. ошондой эле ал эл ара­лык аэропорттор кеңешинин (ACI – Airport Council International) мүчөсү. Саат алкагы: +6.0 GMT (UTC): +5/+6. Аэродромунун метеоминимуму 60×800 м, перронунун аянты 242000 м2. «М.» аралында жүргүнчүлөр үчүн дээрлик бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Аэропортто дүкөн, дарыкана, кафе, гезит-журналдар күркөсү, VIP жана бизнес залдар, банкоматтар, намазкана ж. б. бар. Жүргүнчүлөр үчүн билеттер биринчи кабатта жайгашкан авиокомпаниялардын кассаларында ж. б. жерлерде сатылат. Жүргүнчүлөрдүн жеке автомобилдери үчүн токтоочу жайы бар. «Манас» аэропорту магистралдык жана бириктирүүчү рулетка түрүндө жолдорго, жүргүнчүлөр жана жүк перронуна, алдыңкы технологиялык каражаттарга ээ. Учурда аэропорт 16 авиокомпаниянын аба жол каттамдарын жүргүзөт. Аэропорттун Кыргызстанды дүйнөдөгү жүздөгөн өлкөлөр менен (Россия, Турция, Улуу Британия, Түштүк Кытай ж. б.) каттам жасоого мүмкүнчүлүгү бар. Эл аралык Москва, Стамбул, үрүмчү, Лондон, Пекин, Дубай, Астана ж. б. шаарларга тез-тез аба каттамдары учуп турат. Учурда «Манас» аэропорту жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуучу авиакомпаниялар менен жакшы алака түзүүгө далалат кылуу менен, перспективдүү өнүгүү планын (жаңы учуп-конуу жолдорун, жүргүнчүлөр терминалын кеңейтүүнү ж. б. камтыган) ишке киргизүүдө.

Жайгаштыруу: 2016-08-08, Көрүүлөр: 721, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу