Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Манас эпосу

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Манас эпосу

Манас эпосу же Манас — кыргыз калкынын негизги эпосу жана башкы каарман — кыргыздардын башын бириктирген баатырдын аты. «Манас» ЮНЕСКОнун материалдык эмес адамзаттын маданий мурастарынын тизмесине, ошондой эле Гиннес рекорддор китебине дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары киргизилген.

Манас
ЖанрЭпос, эпикалык поэма
КөлөмүОрточо 500 000 сап
ТилиКыргызча
Биринчи айтуучуЫрамандын ырчы уулу

Жалпы маалымат

Турмуш дайыма алдыга умтулат, ал эми адамзат тарыхы, тажрыйбасы кийинки урпактар үчүн баа жеткис мурас болуп кала берет. Мына ушундай теңдешсиз баалуу мурастардын бири, ата-бабабыз кылымдар бою оозеки сактап келген — Манас эпосу.

Манас жана анын кырк чоросу
Манас жана анын кырк чоросу. Кытай, Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусу, Улуу Чат шаарчасы.

«Манас» кыргыз элинин улуттук сыймыгы, ата-бабаларыбыз өз табылгаларын бүт чогулткан казынасынын милдетин аткарган, ыйык тутуп, укумдан тукумга сактап келе жаткан улуу мурасы. Жанрдык белгилери жактан Манас баатырдык эпоско жатат. Бирок, анын камтыган мазмуну берген маалыматы алда канча терең жана кеңири. Эпосто элдин үрп-адатынан тартып кылымдар бою жашоосундагы калыптанган салттары, тиричилиги, көрүнүктүү окуялары, жашоо, жаратылыш, коом жөнүндөгү түшүнүктөрү, ар түрдүү ишенимдери чагылдырылган. Манастын мазмунунда элдин тарыхындагы түрдүү ишенимдери чагылдырылган. Манастын мазмунунан биз элдин санжырасын, эл тагдырынын түрдүү учурларын көрө алабыз. Академик Ч. Валиханов сыяктуу окумуштуулар Манасты бекеринен «кыргыз турмушунун көркөм энциклопедиясы» деп аташпаган.

Эл арасында Манастын кадыр-баркынын далилдери катары кийинкилерди айтууга болот: бул эпостун материалдарына кыргыздар кылымдар бою көркөм чыгарма катары эмес, болгон чындык катары мамиле кылышкан. Андагы айтылган ар бир маалыматка тарыхый факты катары ишенишкен. Узак убакыттар бою эл азаматтары манастын аты менен жоого киришкен. Жомоктогу оң каармандардын иштеген иштеринен таалим-тарбия алышкан; Кыргыз жергесинде учураган белгилүү, кооз ар бир нерсе манастын аты менен аталган же ошол жомок окуяларына байланыштырылган.

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы өзгөчө бай экендиги, фольклордук чыгармаларда кеңири маалым. Ошол бай материалдардын ичинде баатырдык эпостор көрүнүктүү орунду ээлейт. Кыргыз элинин биринчи болуп кагаз бетине түшүрүлгөн көркөм чыгармасы да, басмадан биринчи которулганы да ушул «Манас». Кыргыздар эл алдындагы улуттук сыймыгы катары биринчи Манасты аташат.

Манасчы эпосту улам кайталап аткарганда өзгөрүүлөргө учураган. Ушундан келип эпостун түрдүү варианттары жаралган.

Азыркы кезде Манас эпосунун негизги бөлүмдөрүнүн кагаз бетине түшүрүлгөн 70 тен ашык варианты белгилүү. Эпостун улам жаңы үлгүлөрүн жыйноо иши дагы эле улантылууда. "Манастын" варианттарынын дээрлик баардыгында эпостогу негизги мазмунун, окуялардын нугун түзгөн салттык туруктуу эпизоддор сакталган. Бирок эпостордун варианттарынын көлөмү, мазмундук, формалык касиеттери, көркөмдүк дэңгээли бир кылка эмес. Бири-биринен орчундуу айырмачылыктарга ээ варианттар да, көп белгилери боюнча жакын турган, бир эле окуяны айрым өзгөчөлүктөр менен айткан варианттар да бар.

Манастан башка Кожожаш, Эр Төштүк, Олжобай менен Кишимжан, Курманбек дастаны жана башка эпостор да бар. Булар Манаска караганда шарттуу түрдө кенже эпостор деп аталат. Манас эпосуна Семетей жана Сейтек эпосторун кошуп алганда дүйнөдө мындан көлөмдүү эпос жок экенин окумуштуулар далилдешкен.

Манас эпосу өзүнүн кайталангыс көркөмдүгү, окуяларга байлыгы, эл тагдырын ар тараптан кеңири сүрөттөөсү менен айырмаланат. Октябрь революциясына чейин кыргыз элинде жомок болобу, ыр болобу бардыгы оозеки айтылган. Тарбия максатында Манастын жети осуяты жана Манас гимни бар, андан тышкары Кыргызстанда Манас эпосунун күнү дагы белгиленет.

Улуу эпос өзүнүн түбөлүк өлбөс, экинчи өмүрү — тарыхый өмүрү менен жашоого өттү. Манастын көп варианттары жана аткаруучулары бар. Алар манасчылар, кээде жомокчулар деп да аталат. Манас эпосун окусаңар баатырлардын эрдигине суктанып, элдердин байыркы мезгилдеги жашоо-турмушу, каада-салты менен таанышасынар.

Ошону менен катар адамды таң калтырган укмуштар дүйнөсүнө да кабыласынар. Ырас, андагы каармандардын кийген кийими, колдонгон курал-жарагы, ичкен тамак-ашы, сүйлөгөн сөздөрү биздикинен башкараак. Бирок алар азыркы турмуш менен тыгыз байланышта, андан бизде салт болуп калган нерселердин башатын көрүүгө болот.

Эпостун каармандары мекенин чексиз сүйүшкөн, кол салган тышкы душмандардан өз эли-жерин коргошкон. Ушундай баатыр уулдарынын ченемсиз эрдигинин натыйжасында гана кыргыз эли аз эл болсо да кылымдар бою өзүнүн көз карандысыздыгын, эркиндигин сактап келгендиги айкын көрсөтүлгөн.

Эпосто согуштук жүрүштөр, кандуу кыргындар көп учурайт. Негизги каарман — Манастын бүт өмүрү эли-жерин коргоо менен өтөт. Жомокто баатырдык, патриоттук менен катар адамгерчилик, ак ниеттик жана акылмандык, калыстык, эмгекчилдик, сарамжалдуулук сыяктуу жакшы сапаттар даңазаланат.

Эл үчүн өмүрүн аябаган чексиз баатыр Манастан, чебер уз, акылман жана сарамжалдуу, эл баатырынын чыныгы жардамчысы Каныкейден, калыс жана жөн билги кары Бакайдан жана башка каармандардан үлгү алсак болот.

Эпос камтыган окуялар өтө кеңири, ар түрдүү берилет. Кадимки турмуш-тиричиликтен баштап, адамдын эл, жер менен болгон татаал байланышына чейин сүрөттөйт. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында кыргыз элинин дээрлик бардык каада-салттарын кезиктиребиз. Элин, жерин сүйгөн ар бир адам анын тарыхын билүүгө кызыгат эмеспи. Эгер силер Манас эпосун окуп чыксаңар өз элиңердин өткөндөгү турмушу жөнүндө көп нерсе билериңер талашсыз.

Манастын Стамбулдагы эстелиги
Манастын Стамбулдагы эстелиги

Бөлүмдөр жана манасчылар

Манас эпосу үч бөлүктөн турат: «Манас», «Семетей», «Сейтек». Эпостун негизги мазмунун Манастын эрдиктери түзөт.

Классикалык деп Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин версиялары саналат. Сагымбайдан 1920-жылдары изилдөөчүлөр Манас жөнүндөгү бөлүгүн гана жаздырып алышкан (орточо 19 миң сап); Саякбайдан бардык үчилтик жазылган (937 миң сап).

Андан тышкары изилдөөчүлөр Манас жөнүндө жазылган Тоголок Молдонун, Молдобасан Мусулманкуловдун, Шапак Рысмендиевдин, Багыш Сазановдун, Ибраим Абдрахмановдун, Мамбет Чокморовдун жазууларын маанилүү деп санашат.

Кытай Эл Республикасынын белгилүү кыргыз манасчысы Жусуп Мамай — анын 8 бөлүктүү (бөлүм эмес) версиясы орточо 200 миң сапты түзүп, Үрүмчү шаарында 18 томдук көлөмдө жарык көргөн (1984—2007), андан соң Кыргызстанда толугу менен 2014—2018-жылдары чыккан.

Эпостордун көлөмүн салыштырмалуу баалоо үчүн ыр-сап түрүндөгү көлөмдү эске алуу маанилүү: Негизи «Манас» 7- жана 8 татаал силлабикалык ыр-сап менен жазылган, бирок, Сагымбай Орозбаковдун вариантында рифмаланган прозага жакын 4-, 5- жана 6 татаал ыр-саптар, ал эми Саякбай Каралаевде 9дан 12ге чейин татаал саптар кездешет.

Эпостун тарыхы

Манастын биринчи айтуучусу катары Ырамандын ырчы уулу аталып келет, ал Манастын баатырлыктарын анын жерге берип жатканда айткан делет. Ал эми кыргыз элинин кошокторун бириктирип эпоско легендарлуу Токтогул бириктирген деп саналат (20-кылымдын биринчи жарымында жашаган кыргыздар анын 500 жыл мурун жашап өткөнүнө ишенген). Чыгармачылыгы жазылбай калган 19-кылымдын манасчылары дагы кыргыз салтына белгилүү.

Заманбап окумуштуулар эпостун жаралуу мезгили боюнча жалпы бир жыйынтыкка келишкен эмес, бирок кээ бирлери окуя тарыхтын 15—16-кылымдардагы мезгил жөнүндө болуп жатканын божомолдошот. Эпостун түпкүрү кыргыз тарыхынын IX кылымдагы окуялары менен байланыштуу деген гипотезалар дагы чыгарылган. Эпосто байыркы берилиштер болсо да, Виктор Максимович Жирмунский чыгарманын тарыхый фону XV—XVIII кылымдардын шартына туура келет деп эсептеген.

Елеазар Моисеевич Мелетинский Манастагы эпикалык мезгил (Көптөгөн Сибирдин түрк элдеринин эпосторунан айырмаланып) мифтик эмес, тарыхый деп көрсөтөт.

Эпос жөнүндөгү биринчи эске салуулар XVI кылымга таандык. Алар жарым фантастикалуу Маджму ат-Таварих баянында камтылып, анда реалдуу болгон Тохтамыш, хорезмшах Мухаммед жана башкалар менен байланышы бар Манас тарыхый инсан катары көрсөтүлгөн.

Мазмуну жана сюжет

Ногой хандын өлүмүнөн кийин кыргыздардын эски душмандары кидандар (кытайлар), Ногойдун жолун жолдоочулардын чечкинсиздигин колдонушуп, кыргыздардын жерин басып, Ала-Тоодон сүрүп чыгарышат. Ногойдун тукумдары алыскы жерлерге куулат. Калгандары басып алуучулардын катуу эзүүсүндө калат. Ногойдун кичүү баласы Жакып Алтайга куулуп, көптөгөн жылдар бою алтайлык калмактарга кызмат кылууга мажбур болот. Эгин айдоочулук жана алтын казууларда иштеп ал байыйт. Жакып бойго жеткенде сансыз мал-жандын ээси болуп, бирок, тагдыр ага бир дагы мурасчы бербегенине жаны кейип жүрөт. Кайгыга батып, жаратканга жалынып, ыйык жерлерге барып, курмандыктарды чалат. Аян түш көрүүдөн кийин анын улуу жубайы боюнда болуп, тогуз айдан кийин эркек төрөйт (Манастын төрөлүшү, ошондой эле, төрөлө элегиндеги ата-теги). Ошол эле күнү Жакыптын жылкы үйүрлөрүнүн арасында кулун туулуп, аны жаңы төрөлгөн баласына энчилейт (Аккула).

Жакып чоң той өткөрүп баласынын атын Манас коёт. Бала чагынан эле тарта Манаста укмуштуу касиеттери көрүнө баштайт, өзүнүн теңдештеринен өзгөчө физикалык күчү, тентектиги жана марттыгы менен айырмаланат (Манастын бала чагы). Ал жөнүндөгү жаңылык Алтайдан алыс жерлерге тарайт. Алтайда жашаган калмактар моюн сунбаган кыргыздарда баатыр пайда болгонун, жана аны эр боло электе кармап, жок кылуу тууралуу кытайдын ханы Эсенканга билдирүүгө шашылышат. Эсенкан өзүнүн соодагерче кийинген тынчыларын кыргыздарга жиберип, Манасты кармоого тапшырма берет. Жаш баатырды ордо ойноп жаткан кезинде таап, кармап алууга аракет кылышат. Бирок, Манас тынчыларды басып алып, кербендериндеги буюм-тайымдарды элге таратат.

Кыргыздарга калмактын Нескара баатырдын миңдеген жоокерлери багыт алышат. Манас коңшу элдерди жана урууларды бириктирип, Нескарага каршы чыгып, алардын жоокерлерин жеңет. Жаш баатырдын жетишкендиктерин бийик баалап, аны коргоочу катары көрүшүп, көптөгөн кыргыз уруулары, ошондой эле кошуна манжурлардын жана калмактардын уруулары, Манастын башатында биригүүнү чечишет. Манас хан болуп көтөрүлөт.

Уйгурлар менен теңсиз кармашка түшүп, жеңишке жетет. Бул кармашта кыргыздын катаган уруусунун ханы Кошой баатыр баа жеткис жардам көрсөтөт. Жеңилген уйгур башчылардын бири Кайыпдан Манаска өзүнүн кызы Карабөрүктү берип, ал Манаска жар болуу каалоосун билдирет.

Кошойдун сунушу боюнча Манас, кыргыздардын душманы жактан тартылып алынган Ала-Тоону кайтарып алууну чечет. Жоокерлерди чогултуп, кармашка түшүп, жеңип чыгат. Кыргыздар Алтайдан өз жерине кайтууну чечишет. Манас өзүнүн тектери менен Азирет ыйык кара тоолордун жанында орун алат.

Кыргыздардын эски душманы — кытай ханы Алооке кыргыздардын экспансиясын (жайылуусун) токтотуу чечимин кабыл алып, жүрүшкө даярдана баштайт. Бул жөнүндө Манаска кабар жетип, өзүнүн кырк чоросу менен дароо жүрүшкө чыгат. Ал душмандардын жоокерлерин оңой эле чачыратып, Алоокенин тагын (штабын) басып алат. Манастын чечкиндүүлүгүн жана эрдигин көрүп, Алооке кыргыздар менен тынчтык келишимин түзүүнү чечип, багынгандыгынын белгиси катары Манаска өзүнүн баласы Боокени берет (Манастын Алоокени жеңип кан көтөрүлгөнү).

Ушул эле мезгилде түштүк чек арада кыргыздар менен афган ханы Шоруктун тирешүүсү күчөйт. Жоокерлерди чогултуп, Манас кармашка түшөт. Жеңилүү ызасын тарткан афган башчысы Манаска өзүнүн кызы Акылайды, аны менен кошо кырк малай кыздарды берип, кыргыздар менен дипломатиялык нике биримдигин түзөт.

Эпостун өзүнчө сюжеттик бутагы Алмамбет баатырдын тарыхы жөнүндө баяндайт. Сюжет анын төрөлүшүнөн баштап, Манаска келүүсүнө чейинки окуяларды камтыйт. Алмамбеттин атасы Соорондук ири кытай аскер башчыларынын бири болгон. Көп жылдар бою баласы жок болуп, орто жашка келгенде балалуу болот. Алмамбет бала чагынан илим-билимге умтулуп, сыйкырчылык жана көз байлоочулукту үйрөнүп, «Ажыдаардын окуусу» мектебинен билим алат, аны менен кошо ак сөөк бүлөлөрдүн балдары окуйт, бирок, Алмамбет алардын ичинен эң мыктысы болуп чыгып, кийинчерээк кайраттуу жоокер болуп чыгат. Акылдуулук, чынчылдык, кайраттуулук аны атактуу кылат. Бала чагында Алмамбет атасынын жолун жолдоочу болуп, кытай армиясынын бардык аскерлерин башкарат. Бир күнү, аң улоо учурунда Көкчө ханга кезигип, ал Алмамбетти жаркын жашоого, көз байлоочулукту таштоого чакырат. Алмамбет үйүнө кайтып келип, биртугандарын жаңы динге (ишенимге) өтүүнү айтат. Алмамбетти ата-энеси да, тугандары да, уккусу келбейт. Соорондук (Алмамбеттин атасы) «ата-бабалар дининен» баш тарткан баласын камоого буйрук берет. Кытайлардан качып, Алмамбет Көкчөдөн баш калкалоо табат. Алмамбеттин марттыгы, акылдуулугу жана адилеттүүлүгү анын кадыр-баркынын бекемделишине өбөлгө болот. Бирок Көкчөнүн жигиттери башкаруучусунун жаңы акылдаш жакынына ишенбөөчүлүк, кызганчаактык менен карашат. Алар Алмамбет менен Көкчөнүн жубайы Акеркеч ортосунда жакын мамилеси бар деген ушак таратышат. Ушакка чыдабай Алмамбет Көкчөнү калтырып кете берет. Кийин Көкчө каза болот (Көкчөнүн өлүшү).

Ошондо ал, өзүнүн кырк чоросу менен аң улоого чыккан Манаска кезигет. Манас болсо, Алмамбет жөнүндө мурда эле угуп-билип жүргөнүнө байланыштуу аны сый-урмат менен кабыл алып, урматына той өткөрөт. Манас менен Алмамбет ага-инидей болуп калат.

Тынчтык орнотуу үчүн Манас Акылай жана Карабөрүккө үйлөнөт, бирок, ошентсе да, баатыр атасы Жакыпка өмүрлүк жар табууну суранат. Узак издөөлөрдөн кийин Жакып Бухарадагы Атемир ханга келет, анткени хандын кызы Санирабигага көзү түшөт. Жакып кызына куда түшүп, чоң калың төлөп, Санирабиганы Манас бардык салттары менен аялдыкка алат. Кыргыздар Манастын жубайына Каныкей ысымын берип, ысым «ханга турмушка чыккан» дегенди билдирген. Манастын кырк чоросу Каныкей менен кошо келген кыздарга үйлөнүшөт. Алмамбет болсо жапайы тоо жаныбарларынын коргоочусунун кызы Аруукени аялдыкка алат.

Манас жөнүндө алыскы түндүктө куугунтукталып жүргөн туугандары угушуп, кайтууну чечишет. Алар калмактардан аял алып, ата-бабалардын салттарын унутуп бараткан, көп жылдар бою бөтөн элде жашап келген, Жакыптын агасы — Үсөндүн балдары эле. Калмактардын арасында аларды Көзкамандар аташкан.

Бул учурда Манас Кошой баатырга жардамга барууга аргасыз болуп турган чагы. Афгандык Түлкү хан Кошойдун жоктугун пайдаланып, катаган уруусуна кол салып, баатырдын баласын өлтүрөт. Бирок Түлкү хандын иниси Акун, кан төгүүгө жол бербей, кыргыз менен афгандардын ортосунда чыккан жаңжалды жөнгө салат. Түлкү күнөөсүн мойнуна алып, Кошойдун баласын өлтүргөндүгү үчүн тактысын Акунга бошотуп берет. Манас менен Акун достукка келип, балдары кыз-бала болуп калса, кудалашабыз деп келишим түзүшөт. Мындан тышкары, кыргыз ханы Көкөтөй хандын баласы (айдалып Ташкентке отурукташканда) — Бокмурун Түлкүнүн кызы Канышайды аялдыкка алууну чечет. Манастын кеңеши менен Бакай Түлкүгө куда түшүп барып, бардык ырым-жырымдарды аткарат.

Манас жок кезинде Көзкамандар келет. Каныкей күйөөсүнүн туугандарын кубануу менен тосуп алып, тиричилик кылууга зарыл болгон нерселерин берет. Жүрүштөн келген Манас өзүнүн туугандарынын урматына той өткөрөт. Жер бөлүп, мал-жандан бөлүшүп, түрдүү буюмдар менен камсыз кылат. Ушундай жылуу кабыл алууга карабастан Көзкамандар Манаска каршы чыгышат. Алар баатырды уулантып, ордун басып, Манастын бардык мүлкүнө ээ болууну чечишет. Көзкамандар ыңгайлуу учурду таап, Манасты жана анын жан жөөкөрлөрүн конокко чакырат. Кезектеги жортуулдан кайтып келе жаткан Манас чакырууну кабыл алат. Манастын жана анын жан жөөкөрлөрүнүн тамагына уу кошуп коюшат. Манас аман калып, жан жөөкөрлөрүн айыктырып, такка кайтат. Көзкамандар күнөөлүүлөрдү издеп, бири-бири менен бычакташып өлүшөт.

Кыргыздын даңктуу ханы Көкөтөй, улуу жашка келип, дүйнө салат. Өзүнүн баласы Бокмурунга өлүм зынайтын кандай өткөрүүнү, ошондой эле Манас менен кеңешүүнү керээз кылып айтып кетет. Көкөтөйдү жерге берип, Бокмурун аш берүүгө үч жыл дайынданат. Манас болсо Көкөтөйдүн ашын өткөрүүнү колго алат. Ашка ар кайсы жерлерден сандаган адамдар келет. Бокмурун түрдүү мелдештерден жеңүүчү болгондорго кымбат баалуу белектерди коёт. Өзүнчө уруулардын бир катар ак сакалдар жана хандары ашты Манас тарабынан көзөмөлдөнүп, өткөрүлүп жатканына нааразычылыгын билдиришет. Алар кеңеш куруп, талаптарын ачык айтууну чечишет. Бирок кутумчуларды Кошой карыя тыят. Ал көптөгөн коноктордун алдында уруш чыгарбоого, кыргыздардын арасында муруңку душмандар да бар экенинин, аш бүткөндөн кийин Манасты тынчытууга убада берип, кутумчуларды көндүрөт.

Бир жыл өткөндөн кийин кутумчулар Кошойду Манаска болгон элчиликти башкарып, ээң баш башкаруучуну тактан түшүрүүгө жардам берүүсүн талап кылат. Кошой болсо жаш-курагына таянып, кутумчулардын ою менен болбой, баш тартат. Ошондо алар Манаска чабармандарды жиберип, кыргыздын ак сөөк уруулары конокко келээри жөнүндө кабар берет. Алардын ою боюнча, Манаска топ эл болуп келип, конок тосуу ырымында кандайдыр бир катачылык кетирүүгө мажбурлап, уруш чыгарып, андан соң хандыгынан баш тартууга талап коюуу эле. Манас конокторду кабыл алууга макулдугун билдирет. Келген конокторду кырк чоролор тосуп алып, боз үйлөргө жайгаштырат. Кыргыз хандары чоролордун ынтымагын, Манастын бийлигинин бекемдигин көрүп, ыңгайсыз абалда калгандарын түшүнөт. Эмне максат менен келгендиги тууралуу Манастын суроосуна, бирөө дагы так жооп айта албайт. Ошондо Манас кыргыздарга каршы жортуул дайындалып жаткандыгы жөнүндө билдирет. Кытай ханы Коңурбай мурдагы жеңилип калганы үчүн, миңдеген жоокерлерди чогултуп, кыргыздарды кайрадан баш ийдирүүнү көздөйт (Коңурбайдын Таласка чабуул салганы, Манастын Кытай менен болгон экинчи урушу). Манас, кыргыз хандарын, душмандын ойлорун озуп чыгып, жортуулга биринчи чыгууга, бириккен күч менен душманды талкалап жана кыргыздарды басып алуу аракеттерин жокко чыгарууга чакырат. Хандар Манастын сунушун кабыл алууга аргасыз болушат. Улуу жортуул мезгилинде бүткүл кыргыздардын ханы болуп Бакай шайланат, ал эми Алмамбет болсо кыргыз жоокерлеринин башкы кол башчысы болот. Ал жоокерлерди кытайлардын борбору Бээжинге алып барат.

Узак жана татаал жол жүрүп, кыргыз аскерлери кытай мамлекетинин чек арасына жетет. Аскерлерди тыныккан жерге калтырып, Алмамбет, Сыргак, Чубак жана Манас чалгындоого жөнөшөт. Душмандын жеринин тереңине кирип, сандаган үйүр жылкыларды айдап чыгышат. Кытайдын жоокерлери артынан кубалап түшөт. Кармаш башталып, кыргыздар миңдеген душмандардын аскерлерин талкалап, чачыратышат. Эпоско ылайык Манас өзүнүн жоокерлери менен (түмөндөр — 10 миңдик аскерлер) Пекинди басып алып («Бээжин» — жинди бээ деген мааниде), алты ай башкарат. Кытайлар алым төлөшүп, тынчтык орнотууну жарыялашат. Манас айкөлдүк менен Коңурбайга жана кытайларга ырайымдык кылат. Бирок Коңурбай жеңилгенин тааныбай мыкты кыргыз баатырларын бирден өлтүрөт. Алмамбет, Чубак жана Сыргак өлөт. Манастын аскер тууруна тымызын кирип, намаз окуп жатканда, Коңурбай баатырга артынан найза саят. Манас мекенке кайтып, алган жараатынан айыга албай каза болот. Каныкей баатырды күмбөзгө коёт (Манастын күмбөзү). Биринчи бөлүмдүн трагедиялуу аягы реалдуу ырастыкка жетет. Манастын уулу — Семетейдин төрөлүшү келечекте атасынын өлүмүнө өч алуусун алдын ала аныктайт. Ошентип, биринчи бөлүгү менен идеялык жана сюжеттик байланышы бар эпостун экинчи бөлүгү жаралат, анда Манастын уулу Семетейдин өмүрү жана эрдиктери чагылдырылып, бөтөн жерден келген басып алуучулардын үстүндөгү жеңиши айтылат.

Манастын өлгөнүнөн кырк күн өтпөй Каныкейди Манастын тугандарынын бирине тийүүгө Жакып талап кыла баштайт. Манастын ордуна Көбөш келип, Каныкейге кысым көрсөтүп, Семетейди жок кылууга аракеттенет. Каныкей баласы менен тугандарына качууга аргасыз болот (Каныкейдин Букарага качышы). Семетей өзүнүн теги жөнүндө билбей өсүп-чоңоё берет. Он алты жашка чыкканда Манастын баласы экенин билип, өз элине кайтууну каалайт. Атасынын тагы болгон Таласка кайтат (Семетейдин Таласка келиши). Манастын душмандары, анын ичинде Абыке менен Көбөш дагы Семетейдин колунан өлүм табат. Баатыр, Манастын убадасы менен төрөлө элегинде эле кудалашкан Айчүрөккө үйлөнөт (Семетей менен Айчүрөктүн тою). Андан соң Семетей кытай аймактарына чабуулдарды жасап, Коңурбай менен жекеме-жеке кармашында аны өлтүрөт. Канчоро Кыяс менен сүйлөшүп алып, Семетейди сатып кетет. Кыястын колунан жараат алган Семетей күтүлбөгөн жерден жок болуп кетет. Семетейдин берилген жан жөөкөрү Күлчоро туткунга түшүп, Айчүрөк да душмандарга кармалат. Канчоро хан болот. Айчүрөк Семетейден бала күтүп, бирок ал жөнүндө эч ким билбейт.

«Семетей» эпосу — үчилтиктин көп аткарылуучу цикли. Эпостун каармандары адилетсиздиктин курмандыктары болуп, өлүмүнүн себеби тышкы эмес ички душмандар болот.

Ички душмандар менен күрөшүүнүн эпикалык баяндалышы Манастын үчүнчү бөлүгү — «Сейтек» эпосунда берилет. Мында Манастын небереси Сейтек баатыр жөнүндө кеп болуп, муруңку бөлүктөрдүн логикалык уландысы саналат. Бул бөлүктө муруңкуларындай эле идеялык негиз түшүрүлгөн: эл биримдигин сактоо, тышкы жана ички душмандардан арылуу, тынчтык жашоого жетүү. «Сейтек» эпосунун сюжеттик негизин төмөнкү окуялар түзөт: Сейтектин атасынын душмандарынын арасында тарбияланышы, өзүнүн тегин билбеши, Сейтектин эр болушу, өзүнүн ким экендигин билиши, душмандарды кубалашы, Сейтектин өз элине кайтышы, элдин биригиши жана тынчтык жашоонун келиши. Семетей менен Сейтектин образдарында элдин Манас жөнүндө уламыштарды урпактарынын баатырдык жашоосунда сактап калууга болгон умтулуусу чагылдырылган.

Манас таануу

Манас таануу — Манас баатырды, эпостун өзүн изилдөө менен иш алып барган кыргызтаануунун курамындагы өзүнчө изилдөөнүн багыты. Бул илимий багыттын өкүлдөрү манастаануучулар аталат. Эпостун илимий изилдөөсү XIX кылымдын экинчи жарымында Ч. Валиханов жана В. Радлов тарабынан башталган. Валиханов 1856-жылы эпизоддордун бирин жазып алып (Көкөтөйтүн өлүмү боюнча), жарым-жартылай аны орус тилине которгон.

2014-жылы 20 жылга созулган «Манас» эпосу боюнча Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы 9 томдук монументалдык иш бүткөн. Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясында жарыяланган басылма өзүнө кыргыз баатырынын жашоосунун 183 миң сабын камтыган. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, изилдөөчү, манас таануучу Самар Мусаев китептин текстинин үстүндө иштеген; баяндамалары үстүндө белгилүү Манас таануучулар Кенеш Кырбашев, Эсенаалы Абдылдаев жана Райкул Сарыпбековдор иштеген.

Негизги борбор — Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын Манас таануу жана көркөм маданият улуттук борбору.

Манас баатыр жөнүндөгү алгачкы жазма Сейфаддин Аксыкент менен анын уулу Нооруз-Мухамедге таандык. Алар XVII кылымдын башталышында "Мажму ат–таварих" деген китебин жазышкан. Анда Манас баатырдын калмак баскынчылары менен болгон согушу сүрөттөлөт.

Дүйнө жүзүндө фольклорсуз эл болбойт. Ар бир элдин оозеки чыгармалары ошол элдин басып өткөн тарыхый жолу менен шартталган. Эл турмушун чагылдырууда калктын жакшы-жаман жөнүндөгү туюмдарын таасирдүү элестердин жардамы аркылуу берүүдө фольклордун өтөгөн кызматы ролу чоң. Ошол үчүн кандай гана эл болбосун өз ата мурасы катары фольклорду жогору баалайт. Күндөлүк турмушунда айрыкча жаштарга тарбия берүүдө кеңири колдонулат.

20-жылдын баш чендеринен тартып эле калк арасынан оозеки көркөм чыгармалардын үлгүлөрүн жазып алуу – кагаз бетине түшүрүлүп жыйноо иштери башталды. Алардын ичинен элге кеңири манасчылардан жазылып, алынган «Манас» эпосунун үч бөлүмүнүн көптөгөн варианттары да бар.

Бул багыттагы иш аракеттер бүгүнгө чейин улантылууда. Элдин чыгармачылыгын жыйноодо өзгөчө эмгек сиңиргендер: К.Мифтаков, Ы.Абдырахманов, Б.Абдырахманов, Тоголок Молдо. Кыргыз фольклорунун түрдүү жанрлары боюнча чыгармалардын тексттери илимий эмгектери, жарык көрүүдө.

Манас эпосуна биринчи илимий пикир айткан адам Ч. Валиханов. Ал минтип жазган: «Манас — бир мезгилге келтирилген жана бир кишинин — Манас баатырдын тегерегине топтолгон бардык кыргыз мифтеринин, жомокторунун, санжыраларынын энциклопедиялык жыйнагы». «Манас эпосун» жыйноо, бастырып чыгаруу, изилдөө багытында орчундуу иштер иштелди. Кыргыз фольклорун изилдөөдө көрүнүктүү салым кошкондорго К. Рахматуллин, М. Богданова, Ж.Таштемиров, Б. Кебекова, С. Закироваларды да кошууга болот. Ошондой эле, айрыкча Манас эпосунун түрдүү проблемаларын иликтөөдө зор салым кошуу менен орчундуу эмгектерди жазгандардын катарына: М. Ауэзов, С. Мусаев, Р. Кыдырбаева, Б. Юнусалиев, Р. Сарыпбеков, В. Жирмунский, С. Бегалиев, Э. Абдылдаевдер кирет.

Эпостун 1000 жылдыгы

1994-жылы БУУнун генералдык ассемблеясы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын дүйнөлүк белгилөөсүн кабыл алган. Майрамдоо 1995-жылы болгон. Миң жылдыктын негизги майрамы Талас облусунда өткөрүлгөн. Юбилейдин окуясы боюнча «Манас-1000» эстеликтүү алтын орден жана медаль жасалган.

Таасири

Филателияда

Кыргызстандын почта маркасы, СССРдин почта маркасы.

Эстеликтер

  • Бишкектеги эстеликтер: филармония имаратынын алдында жана борбордук «Ала-Тоо» аянтында.
  • Кыргызстандан тышкаркы биринчи Манаска арналган эстелик 2012-жылдын 24-февралында Москва шаарында ачылган, ал Дружба паркынын аймагында. Скульпторлор: Ж. Кадралиев, Д. Жолчуев, Б. Сыдыков, Т. Медеров.
  • Ош шаарындагы «Айкөл Манас» монументалдык комплекси. 2013-жылдын май айында ачылан.
  • Өзгөндөгү эстелик. 2011-жылдын декабрь айында ачылган.
  • Баткендеги «Манас Ордо» эстелиги. 1987-жылы ачылган.
  • Стамбулдагы эстелик (Турция). 2017-жылдын 9-августунда ачылган.
  • Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусунун Улуу Чат шаарчасы (2018).

Манастын наамына аталгандар

  • «Манас» университети — Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк университетинин аталышы.
  • Манас — Бишкектин четиндеги аэропорт жана айылдын аталышы.
  • Бишкек шаарындагы Манас кинотеатры.
  • Кара-Балта шаарындагы стадиондун аталышы.
  • Манас атындагы астероидди (3349) советтик астроном Николай Степанович Черных 1979-жылы ачкан.
  • «Манас» ордени — Кыргызстандагы жогорку сыйлык.
  • Композитор Абдылас Малдыбаев тарабынан жазылган операнын аталышы.
  • Кытайдагы Манас көлү.
  • Тоолу Алтайдагы Манас көлү.
  • Казакстандын Алма-Ата шаарындагы көчөнүн аталышы.
  • Манас, Семетей, Сейтек — мектеп түзүмдөрү, советтик комсомолдордун, пионерлердин жана октябряттардын аналогу.
  • Бишкек, Жалал-Абад шаарларында, Кызыл-Адыр, Түп айылдарында көчөнүн аталышы.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 60921, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-08, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу