Манасты малайлыкка берүү

Манасты малайлыкка берүү — баатырдын бала чагынын акыркы баскычы, эрезеге жетип, алгачкы эрдиктерди көрсөтүүгө өтүүдөгү өткөөл мезгил.

Баласынын кылык-жоругуна, элдин кебине капа болгон Жакып «эркелетип тим койбой койчуга малай берип катыктыралы», — деп байбичесине кеңешет. Чыйырды да бул акылды туура табат. Малай жүрүп, акыңа мал алып, мени бак деп Манасты өз койчусу Ошпурга жеткирип берет да, баласына угузбай балам катыксын, козу кайтарт, кээде ач, кээде ток болсун, кеби тийсе, тил албаса какыс-кукус кылып кой деп тапшырат. Ошол айылдагы Кадообай дегендин уулу Чегебай менен Манас козу кайтарат. Бир күнү экөө кайтарган козуларга карышкыр тийип, бир козуну баса калып куйругун жулуп алып, жеп жиберет. Кыйкырып жакындаган Чегеге карышкыр ыркырап айбат кылса, ал кайра качат. Коркок турбайсыңбы, муну мен кулактап көрөйүн! — деп бөрүгө карата чуркаган Манас жеп жаткан козуну көтөрүп качып берген бөрүнүн артынан кууп, козудан аккан кандын изи менен тоо арасындагы чоң үңкүргө кирип, анда отурган кырк адамды көрөт. Козусу байлануу, аман-эсен, жараты да жок, маарап турат. Таң калып, жөнүн сураган балага отурган адамдар: бөрү болгон биз, кырк чилтен деген болобуз, башыңа кыйынчылык иш түшкөндө бизди эсиңе алсаң келип сага жардам беребиз, жаныңдагы баланын аты Кутубий болсун, сага кутман болот — дешет да көздөн кайым болушат. Козусун жетелеп кайра келген эки бала тегин эмес адамдардын колу тийген жышаналуу козуну союп жемек болушат. Козуну союп алып, этин бышыралы десе от жок. Аңгыча беш таначар айдаган Баянчор аттуу калмак келип: кандай ээнбаш балдарсыңар, козуну эмнеге сойдуңар, ата-энеңерге айтам деп экөөнү жемелеп, жөнөй бергенде анын курундагы оттугун көрүп: от күйгүзүп алалы, оттугуңузду бере туруңузчу? — деп Манас өтүнсө калмак оттугун бербей, кайра экөөнү ачууланып тилдейт. Ачуусу келген Манас чалды аттан оодара тартса, белиндеги оттук, бычак бекиткен куру үзүлүп, колуна келет. Чал коркконунан үндөбөй аттанып кетет. Эт бышырып жаткан экөөнүн жанына козу жайып жүргөн төрт бала келип, экөөнү урмакчы болушат. Саламаттын уулу Айнакул (к. Кыргылчал) Чегени жыгып төшүнө минип калат. Бул эмнең? Кой, тур мындай — деп тарткан Манасты тура калып Айнакул башка муштайт. Манас муштаганда Айнакулдун эси ооп жыгылат. Ага болушабыз деген берки үчөө да Манастан таяк жейт. Төрт баланы кошуп алып, козунун этин жеп, ойноп, ошол жерге бардыгы түнөп калышат. Дагы эки козу союп жешет. Кечтен бери козу издеп, убара болушкан эки айылдын адамдары эртең менен Алмалуунун жылгасында алты бөрү козуларды талап жүргөнүн алыстан көрүшүп, шашып келишсе балдар менен козулардан башка эч ким жок. Эмне болгонун сурашса төрт бала Ошпурдун малайы коркутуп, кетирбей койгонун, үч козу союп жегендигин айтат. Козуларды санаса баары түгөл. Балдар калп айткан тура дешип, айылдарына тарап кетишет.

Баянчор Ошпурга келип малайың оттук, бычак, курумду тартып алды, алып бер, бузуктукту сүйсөң мен да жөн калбайм — деп, опузалайт. Ошпур Манасты чакырып, алган болсоң кайра бер десе, олжону да кайра берчү беле, кечээ эле балдарга бөлүп берип койгонмун дейт. Манаска батына албай, атасына барып жайын айтып, баладан кутулайын деп Ошпур Жакыптыкына жөнөйт.

Болочок баатырдын тентектигин койдуруу үчүн турмушту көрүп кагылсын, катыксын деп «жумушка чегүү» түрдүү вариацияда кеңири жолугат. Анын ичинде малайлыкка берүү көбүрөөк кездешет. Баатыр өзү сарп кылган, жоготуп жиберген, башкаларга берген буюм, дүйнө, сырдуу түрдө түгөл калышы сюжеттик туруктуу деталдардан.

Баатырдын балалык учурунун аякташынын белгиси катары аны колдой турган касиеттүү күчкө (түрк элдеринин фольклорунда адатта кырк чилтен же Кыдыр алекисалам) жолугушу да белгилүү сюжеттерден.

Манасты малайлыкка берүү да, кырк чилтенге жолугушу да Радлов жазып алган вариантта эскерилбейт. Күлүшө баштаганда эле бешикте жаткан Манас: «Бусурман жолун ачамын, Каапырдын малын чачамын» (Радлов жазып алган вариант, 237) дегенин уккан Жакып байдын уулу Бакайды чакырып алып, Манас жортуулга чыгам дейт, жанына жолдош болуп бер, билбегенин билгизип, үйрөт деп тапшырганы, Манас чоңоюп ат жалын тартып мингенден баштап аны менен бирге болууга Бакай убада бергени кыскача гана эскертилген (жаш баатырдын жанында акылчы карынын болушу, ал баланын ата-энесинин, же касиеттүү күчтүн өтүнүчүн аткарып, баатыр менен ар дайым бирге жүрүү фольклордо белгилүү салттык сюжеттерден).

Саякбай Каралаевдин вариантында он эки калмак баланы жыга чапкан баласына ачууланып, балаңдын тентектигин койдур, антпесе түбүмө жетет, — деп Жакып Чыйырдыга арызданып жатканда үйүнө Ошпур койчу келип калат. Манасты козу кайтарсын деп Ошпурга беришет. Тентектигин Ошпурда козу кайтарып жүргөндө да койбогон Манас талаага кой союп, балдарга той берип, балдарды чогултуп мени төрө дегиле деп талап кылып, төрө дебегендеринин минген торпокторун союп, жылкычы, койчуларга бой бербей жүрөт. Кырк бала чогулуп, талаада ордо атып, козу союп ойноп жатса калмактардын жылкычы башчысы Канжаркол келип, төрт баланы өлтүрүп, бышып жаткан этти тартып жейт. Уктап жаткан Манас ойгонуп, Канжарколду өлтүрүп салат. Дагы козу союп эт бышыралы десе оту өчүп калыптыр. Козу издеп келген Жырынта аттуу калмак чалдын оттугун сураса, бербей коёт. Оттугун Манаска тарттырып, чал качып кутулат. Ошпур арызданып Жакыпка жөнөйт. Бул жерде сюжеттин өнүгүшү Сагымбай Орозбаковдун варианты менен Саякбай Каралаевдин варианты бири-бирине жакын, бирок Саякбайда кырк чилтенге жолугушу башка окуяда баяндалат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)