Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Манастын күмбөзү

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Манастын күмбөзү

Манастын күмбөзү — XIV кылымга таандык Кыргызстандагы тарыхый-архитектуралык эстеликтердин бири. Манастын күмбөзү Талас шаарынан 15 чакырымдай түндүк-чыгыш жагында Кеңкол суусунун боюнда, Манастын Кароол дөбөсү деп аталган жерде курулган.

Күмбөз бышкан кыштан салынып, алдыңкы бети оймо чиймелер менен кооздолуп, арасына араб тамгасында жазуу түшүрүлгөн. Талас өрөөнүн кыргыздар илгертен эле байырлап, жашап келген. XI—XII кылымдарда өрөөн дыйканчылыкка ыңгайлуу келип, жемиш бактуу, эгин айдалган, күтүрөтүп мал баккан кооз аймактардын бири болгон. Талас суусун бойлото көптөгөн кыштактар, шаарчалар курулуптур. Моңгол баскынчыларынан кийин алардын баары талкаланып, кыргыз эли көчмөн турмушка өтүп кеткен. Өрөөн жөнүндө Манас эпосунда эчен ирет айтылат, эпостогу окуялар менен байланышкан жерлер да арбын кездешет.

Албетте, эмне үчүн ушул XIV кылымга таандык курулуш Манастын күмбөзү деп аталат? — деген суроо пайда болушу ыктымал. Эпос жана эл ичинде айтылып келе жаткан уламыш боюнча күмбөз Манаска арналып, жары Каныкей тарабынан тургузулган. Күмбөздү тургузуу үчүн Каныкей Бадахшандан, Бухарадан, Самаркандан жана Кашкардан усталарды чакыртып, алыстан атайын өзгөчө сапаттагы топурак алдыртып, ага эчкинин, уйдун жүнүн коштуруп, койдун майына кайнаттырып жасаткан деп айтылат.

Бул күмбөз окумуштуулардын арасында көп кызыгууларды туудуруп, XIX кылымдын аягында академик В. В. Бартольд, 1938-жылы А. М. Беленицкий, А. Н. Бернштам, кийинчерээк М. Е. Массой сыяктуу окумуштуулар изилдешкен.

1968-жылы күмбөз толугу менен калыбына келтирилген. Кийинчерээк жер титирөө келтирген залалга байланыштуу жана Манас эпосунун 1000 жылдыгына карата кайрадан реставрацияланган (1993-1994). Манастын күмбөзүнүн сүрөтү почта маркаларына, Кыргызстандын улуттук валютасы — сомдо түшүрүлгөн.

Бул күмбөз элибиздин көрүнүктүү тарыхый эстелиги катары дүйнөнүн көп элдерин өзүнө тартат. Атактуу күмбөзгө тайынып жана ага таазим кылууга жыл сайын миңдеген адамдар тынымсыз келип турат дешет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4137, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-02
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо