Мао Цзэ-Дун

Мао Цзэ-Дун (26. 12. 1893, Хунань провинциясы, Сянтань уезди, Шаошань кыштагы – 9. 9. 1976, Пекин) – Кытайдын саясий жана мамлекеттик ишмери. 1918-жылы Чанша шаарында педагогикалык окуу жайын бүткөн. 1918–19-жылдары Пекин университетинин китепканасында иштеген. 1920-жылы коммунисттик ийримдерге кошулган. 1921-жылы Кытай коммунисттик партиясынын (ККП) 1-съездинин ишине катышкан. 1923–25- жана 1928-жылдан ККП БКнын Саясий бюросунун мүчөсү. 1927-жылы Цзинганшань тоолуу районунда (Хунань жана Цзянси провинцияларынын ортосунда) Чжу Дэ ж. б. ККПнын ишмерлери менен бирге революциялык таяныч базасын түзгөн. 1928-жылы Кытай Кызыл армиясынын 4-корпусунун саясий комиссары болуп дайындалган. 1931-жылы Жуйцзинде (Цзянси провинциясы) өткөн советтик райондордун өкүлдөрүнүн Жалпы кытайлык 1-съездинде Кытай Республикасында БАК жана ЭКСтин төрагасы болуп шайланган. 1933-жылдан ККП БК Саясий бюросунун мүчөсү. Анын улутчулдук умтулуулары ошо кезде эле байкалган. 1935-жылы январдан ККП БКнын Секретариатынын курамында. 1943-жылдан ККП БКнын, 1949-жылдан КЭРдин Борбордук элдик өкмөт советинин жана КЭРдин Элдик революциячыл аскер со­ветинин төрагасы. 1954–59-жылдары КЭРдин жана КЭР Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы. 1966–76-жылдары Мао Цзэ-Дун өз бийлигин бекемдөө үчүн маданий революция жүргүзүп, Кытайдын өнүгүшүнө терс таасир тийгизген. ККПнин 9-съезди (1969) кабыл алган Уставда «Мао-Цзэ-дундун идеялары» партиянын идеологиялык негизи, Мао Цзэ-Дун ККПнин түбөлүк жетекчиси деп жарыяланган. ККПнин 10-съезди (1973) аны ырастаган. 1950-жылдардын аягынан Мао Цзэ-Дун улуу державалык гегемонизм, антисоветизм, социалисттик кызматташтыктын жана дүйнөлүк коммунисттик кыймылдын ыркын бузуу, марксизмди ревизиялоо саясатын жүргүзгөн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)