Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Маңкурт жөнүндө баян

Баш барак | Адабият | Маңкурт жөнүндө баян

Маңкурт жөнүндө баян — бул легендада Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» аттуу романында эскерилет.

Эдигей (Эдилбай Куркут) аттуу каарман айдар көкүл жуңжаңдардын кыянатчылыгы жөнүндө айтып берет. Алар башка эл менен касташып, колго түшкөн туткундарга, түшкө киргис кордук көрсөткөн мезгилден башталат. Туткундардын бирин алыска кулчулукка сатчу, экинчилерин өзүлөрүнө калтырчу экен. Кулчулукка сатылып кеткени жакшылык менен барабар болуптур, ал эми туткунда калгандар адам чыдагыс, азапты тартчу. Чыгармадагы легенда фантастикалык сюжет баардыгы биригип келип бүгүнкү күндөгү жер планетасындагы жашаган Адам проблемасынын көйгөйүн адамзатка алып чыгуу максатын көздөгөнүн, Ч. Айтматовдун бул романы менен кыргыз романын жаңы бийиктиги башталганын автор чыгарманын сюжеттик окуяларына сүңгүп кирип, тексттердин астындагы подтексттердин, метафора, символдордун идеялык-эстетикалык маани мазмунун терең ачып берүү менен жетишкен.

Өз энесине жаа тарткан маңкурт

- Отурчу, сүйлөшөлү, деди Найман-Эне оор үшкүрүп. Экөө бет мандай отурушту. Мени тааныйсыңбы? деди эне. Маңкурт башын чайкады. Сенин атың ким?

- Маңкурт, деди ал. Сени азыр ошентип аташат. Мурдагы атың эсиңдеби, чын атыңды эстечи? Маңкурт тунжурайт. Бирок ал бирдемени эстөөгө тырышып жаткансыды, эки кашынын ортосуна тер исиркектеп, көзү коюла түшкөнүн энеси көрүп отурду. Бирок Маңкурттун алдына бийик бөгөт туш келип, ошондон өтө албады окшойт.

- Атаңдын атын билесиңби? Өзүң кимсиң, эли-журтуң ким? Деги каерде туулганыңды билесиңби?

- Жок, маңкурт эчтеме түшүнбөдү, эчтеме эсинде жок экен.

- Сени эмне кылышкан, шордуу? деп эне күбүрөдү да, эрксизден эриндери дирилдеп, аргасыз ачууга ичин өрттөгөн ызага баласы экөөнүн башына түшкөн кайгыга чыдабай кайрадан сыздап ыйлады. Эненин күйүп жатканы тигил маңкуртка чымын чакканчалык болбоду.

- Жерди алса болбойбу, мал-мүлктү алса болбойбу, анчалык душман экен башты алса болбойбу, деп сүйлөнүп отурду Эне. Бирок адамдын эс-учун алат деген шумдукту ким ойлоп, кимдин колу барды? О, жараткан, эгер сен бар болсоң, адамдын арам ниетине ушуну кантип киргиздиң? Мындан башка жер-жүзүндөгү кыянатчылык аздык кылдыбы? Мына ошондо маңкурт уулун карап отуруп, Эне өзүнүн аза кошогундагы күн, кудай өзү тууралуу айткандарын айтты. Сары-Өзөктүн санжырасы козголуп, сөз болуп калганда билген кишилер азыр ушул күнгө чейин айтып жүрөт... Мына ошондо Эне азыр билген кишилер айтып жүргөн кошокту кошкон экен:

- Мен ботосу өлгөн боз иңген.

Тулубун келип искеген... Сары-Өзөктүн тунжураган кыйырсыз эрме чөлүндө Эне өксүп, боздогон кошогун көпкө кошкон экен... Бирок маңкурт уулунун бир тал сезими зырп этпей койду. Мына ошондо Найман-Эне сурак сурап убара болбой, өзү айтып, мээсине куюп, эсине келтирейин деди:

— Сенин атың Жоламан. Уктуңбу? Сен Жоламансың. Атаңцын аты Дөнөнбай. Атаң дагы эсинде жокпу? Сени бала күнүңдөн жаа аттырып үйрөткөн атаң эмес беле. Мен сенин энеңмин. Сен менин уулумсуң. Ататек урууң Найман болот, билдиңби? Сен Наймансың...

Эненин айткандарын тиги мурдагысындай эле жалдырама тийген калыбында укту, сөз эмне жөнүндө, деги сөз болуп жатабы жокпу, ага баары бир сыяктуу укту. Кыясы, чөп арасынан сайраган саратандын үнүн деле ушинтип угат көрүнөт. Ошондо Найман-Эне маңкурт уулунан сурады. Сен биякка келгенден мурун эмне болду эле? Эчтеме болгон эмес, деди тиги. Ким менен сүйлөшкүң келет? Ай менен. Бирок бири-бирибизди укпайбыз. Аерде бирөө отурат. Дагы эмнени каалайсың? Кожоюнумдун төбөсүндөгүдөй айдар чачты. Кана, апкелчи көрөйүн, сенин башыңды эмне кылышкан? деп Найман-Эне жүткүнө берди.

Маңкурт башын кейкең тартып кетенчиктей берди да, тебетейин карманды, тултуюп экинчи Энени карабай койду. Башын эч качан сөз кылып болбосун Эне эми билди. Ушу маалда алыстан төөчөн караан көрүндү. Түз эле ушуякка келатат. Тиги ким? деди Найман-Эне. Мага тамак-аш апкелаткан го, деди уулу. Найман-Эне алдастай түштү.

Бул жуңжаңдын көзүнө чалынбай далдоо жакка тез кетпесе болбос. Акмаясын чөгөрө койду, мине койду. Тигиге эчтеме айтпагын. Мен кайра келем, деди Найман-Эне. Уулу унчуккан жок. Ага баары бир болучу. Жайылып жаткан төөлөрдү аралай төөчөн кетип баратканы бекер экенин түшүндү Найман-Эне. Бирок эми кеч болуп калды. Келаткан жуңжаң ак боз башыл иңген минип бараткан аны кантип байкабайсын. Иңгенди жетелеп, жөө ксткенде болмок эле. Уясынан чочуп учкан чымчыктай Найман-Эне Сары-Өзөктүн ээн талаасын айланып жүрдү. Эмне кыларды, эмне күтөрдү билбейт. Жуңжаңдар эми төөлөрүн маңкурт уулу менен кошо ордосуна жакын айдап кетер бекен же аны кармап алыш үчүн бир буйткада аңдып жатар бекен? Санаасы санга бөлүнүп, далдоо жерлер менен айланып, жакындап келди да, тиги эки жуңжаң кетип калганын билип, кубанып кетти.

Экөө катар бастырып, кылчайбастан алыстап бараткан экен. Найман-Эне көпкө карап турду, качан тигилердин карааны көздөн үзүлгөндө уулуна жөнөдү. Бул жолу эмне болсо да уулун алып кетмекчи болду. Душмандар ушинтип койсо, анын айыбы эмне, кандай болсо да уулун кулчулукка кантип калтырат?.. Саксактаган санаасы менен алек Найман-Эненин өңү кубарыңкы, эриндери бек кымтылуу, ак буурул чачы, кат-кат бырыштары, маңдайы, суюла баштаган кирпик арасынан коюулана тиктеген көздөрү арылбаган түйшүктөгү жандын дагы бир тобокели сыяктанат...

Эки тарап алысты чочулай карап бараткан эне маңкурт уулу төөнүн далдаасына тизелей отуруп, жаа кезеп калганын байкабады. Күндүн нуру көзүнө түз тийип, маңкурт атар маалды күтүп калган.

Жоламан! Уулум! уулум эмне болгон деп чочулаган Найман-Эне үн салып баратты. Анан ээрде толгоно берди да... Атпа! деп кыйкырганга араң жарады. Акмаяны бура тартып бет маңдайлашууга үлгүрбөдү, ышкырып келген жебе сол колтутуна сайылды. Өлтүрөр жебе ушул эле. Найман-Эне өркөчтү кучактай ооп жыгылып баратты. Бирок бою жерге тийгенче башындагы ак жоолук шыпырылып түштү да, жерге жетпей куш болуп, аба кайкып учуп чыкты. Жөн учпай адамча үн салып учуп чыкты: «Эсиңе кел, сен кимсиң? Атың ким? Сенин атаң Дөнөнбай! Дөнөнбай! Дөнөнбай!»...

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 58471, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-04
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо