Мартен өндүрүшү

Мартен өндүрүшү – металлургия жана машина куруучу заводдордогу мартен мешинде керектүү химиялык курамдагы болот өндүрүп алуу өндүрүшү. Болот эритүүдө мындан башка кычкылтек-конвертер процесси, электр болот эритүү ыкмасы колдонулат. Мартен өндүрүшүнүн артыкчылыгы: 1) мартен процесси бардык өндүрүштө колдонулат, 2) алгачкы материалга талап коюлбайт, 3) эритүү процессин текшерүү, башкаруу иштери жеңил, 4) өндүрүлгөн болоттун сапаты жогору, ассортименти көп. Мартен мешинин шахтасы металлдардан (чоюн, болот сыныктары, кычкылдатуучу жана легирлөөчү кошундулар) жана металл эместерден (темир кенташы, мартен агломераты, акиташ теги, боксит, платин шпаты ж. б.) турат. Шахтанын курамына жараша бир нече (скрап-көмүр, скрап-кенташ, кенташ) технологиялык процесстерге бөлүнөт. Скрап-көмүр процессинде шахтанын металл бөлүгү болот сыныктарынан (скраптан) турат. Көмүртекке бай (антрацит, кокс, графит, таш көмүр) материалдарды кошуп, процесске керектүү көмүртек бөлүнүп алынат. Скрап-кен таш процессинде шахтанын катуу бөлүгү скрап менен кенташтан, металлы чоюндан (50–80%) турат. Кен таш процессинде шахта темир кенташынан жана суюлтулган чоюндан турат. Процесс мешти даярдоо, ага шахта толтуруу, ысытуу, суюк чоюн куюу же кесек, катуу чоюн сыныктарын салуу, эритип кайнатуу, кычкылдандыруу, легирлөө жана куюп алуу иштери менен жүргүзүлөт. Мындан тышкары кошумча иштер аткарылат. Мартен меши суткасына 250–300 миң тонна болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)