Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Массалык саясий акциялар

Массалык саясий акциялар – көпчүлүк (эмгек коллективи, коомдук уюм, жарандар тобу) аркылуу көчө-аянттарда, калктуу жерлерде өз оюн (колдой турганын же нааразылыгын) ачык же жабык билдирүүгө арналган аракеттер. Массалык саясий акциялардын негизги түрлөрүнө: митинг (бийлик, болбосо тигил же бул коомдун иш-аракети, коомдук-саясий жашоодогу окуяларга карата өз мамилесин билдирүү үчүн жарандардын массалык чогулушу), демонстрация (адамдар тобунун коомчулуктун көңүлүн ачыкка чыгаруу үчүн ураан, плакат ж. б. көрсөтмө каражаттарын пайдаланып чыгуусу), жүрүш (бул же тигил коомдук маселелерге көңүл бурдуруу максатында уюшулган адамдардын массалык кыймылы), пикеттер (өз көз караштарын билдирүү же коомчулуктун көңүлүн кандайдыр бир маселеге буруу үчүн жасалган аракеттер) кирет. Көптөгөн демократиялык өлкөлөрдө (мисалы, Европа Союзу же АКШ) массалык саясий акцияларды өткөрүүнүн алдында жергиликтүү бийликке билдирип коюу гана жетиштүү болсо, кээ бир мамлекеттерде (мисалы, Казакстан, Россия ж. б.) алдын ала уруксат алуу каралган. 2010-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда да массалык саясий акцияларда өткөрүү үчүн жергиликтүү бийликке алдын ала билдирип коюу жетиштүү экени белгиленген. Массалык саясий акциялар учурунда мамлекеттик жана коомдук уюмдар, кызмат адамдары жана жарандардын ага тоскоолдук кылууга акысы жок.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)