Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Массалык зыян келтирүүчү куралдардан коргонуу

Массалык зыян келтирүүчү куралдардан коргонуу - жоокерлерди, калкты жана эл чарба объектилерин душмандын ядролук, химиялык жана бактериялык куралынан коргоо үчүн көрүлүүчү иш-чара комплекси. Жоокерлерди коргоо ишин уюштуруучу бардык командирлерге жана штабдарга душмандын ядролук, химиялык жана бактериялык курал колдонуусун бошоңдотуу, анын соккусуна дуушар болгон жоокерлердин согушка жарамдуулугун тез калыбына келтирүү жана жапа чеккен аймакта иш-аракетке шарт түзүү милдети кошо жүктөлөт. Жоокерлер жакшылап жашырылат, аэродромдор жана кеме аялдамалар маал-маал которулуп турат, аймактын радиоактивдик, химиялык жана бактериялык булганууга чалдыгышы жөнүндө жоокерлерге маалымдалып, жеке коргонуу каражаттары берилет, окоп, чуңкур, жер төлө, атайын жасалгалуу жер тамдар казылып, курал, техника жана материалдык каражаттар чүмбөттөлөт. Келтирилген зыян жөнүндө маалымат алуу үчүн чалгын жүргүзүлүп, өздүк курамдын, курал, техника, материалдык каражаттардын чыгымы, бүлүнгөн, өрттөнгөн, чөккөн аймактарды калыбына келтирүү боюнча иштин мүнөзү жана өлчөмү аныкталат. Эпидемияга каршы, санитардык-гигиеналык, алдын алуучу ж. б. медициналык иш-чаралар жүргүзүлөт. Ууккандарга жардам көрсөтүлөт ж. б. эл чарбасында үзгүлтүксүз иштөө үчүн шарт түзүлөт. Шаарлар менен эл чарба объектилерин коргоо жалпы мамлекеттик коргонуу иш-чараларынын системасында уюштурулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)