Математика

Кээ бир окуучулар: Мага математиканын кереги жок, мен тил мугалими, артист же сүрөтчү болгум келет деп айтышат. Албетте бул ар кимдин өз тандоосу, бирок бул туура эмес. Ким бала кезинен математикага кызыкса, ал акылын өнүктүрүп, эрктүүлүккө, максатка умтулган тырышчаактыкка тарбияланат. Ошондуктан математика мугалимге да, дарыгерге да, артистке да, сүрөтчүгө да керек. Математиканын туура жана ырааттуу ой жүгүртүүгө үйрөтөрү, машыктырары байыркы гректердин заманында эле белгилүү болгон. Математика адамга айлана-чөйрөдөгү бизди курчаган сандар менен фигуралардан турган дүйнөнүн купуя сырын ачып берет. Адамдын иш-аракетинде нерселерди белгилүү бир тартипте топтоп, эсебин алууну, алардын өлчөмүн чыгарып, формасын, өз ара жайгашуусун аныктоону талап кылбаган тармакты табуу кыйын.

Бирок жөнөкөй санак же өлчөө - али математика эмес! Математика бизди ашыкча эсептөөлөрдү жүргүзүүдөн кутултат, мурун белгисиз болгон бирдикти белгилүү сан-өлчөмдүн жардамы менен табууга үйрөтөт. Анын өндүрүш, илим жана техника үчүн зор маанилүүлүгү да мына ушунда. Жөнөкөй эле мисал алалы, бир таңгакта 20 китеп бар, ал эми китеп складында мындай таңгактар 150. Китептердин жалпы санын билүү үчүн таңгактарды ачып, аларды бирден саноонун зарылдыгы жок. Көбөйтүү жолу менен эле биле алабыз: 20x150=3000. Мындан жүз отуз жылдай мурун астрономдор - француз Леверье менен англис Адаме Уран планетасынын кыймылындагы айрым түшүнүксүз четтөөлөрдү анын ары жагында күнгө чейинки аралыгы андан алыс болгон белгисиз планета бар экендиги менен түшүндүрүшкөн.

Мында математика жардам берди. Алар бул планетаны асмандын кайсы жеринен издөө керектигин эсептеп таап, телескопту ошол тушка багыттап караганда жаңы планета көрүнгөн. Ага Нептун деген ат беришти. Кээде математикага таптакыр чендебей турган маселе да математикалык ачылышка алып келет. Мисалы, мындан 350жылдай мурда жашап өткөн атактуу окумуштуу Кеплер шарап сатуучулардын ар түрдүү формадагы шарап бочкаларынын сыйымдуулугун кантип аныкташкандыгына көңүл буруп калат. Алар бочканын оозунан түбүнө чейинки аралыкка таяк салып өлчөшчү.

Соодагерлердин эсеп-кысабына ой жүгүртүп олтуруп, Кеплер формасы бочка, лимон, алма, айва, ал тургай селдеге (Араб мусулман динчилдеринин баш кийими) окшогон аркыл нерселердин көлөмүн эсептеп чыгаруу үчүн математикалык формула ойлоп тапкан. Бул формулага таянып, кийин башка окумуштуулар жаңы математикалык илимди - интегралдык эсептөөнү иштеп чыгышты. Азыр ансыз инженер да, физик да кадам жыла алышпайт. Мындан жарым кылым ашуун илгери, орус окумуштуулары Н. Е. Жуковский менен С. А. Чаплыгин учак белгилүү бир оордукту көтөрүп учуу үчүн анын канаты кандай формада жана кандай өлчөмдө болушу керек экендигин математиканын жардамы менен эсептеп чыгышкан. Математика аба ырайын алдын-ала билүүгө көпүрөнүн, имараттын бекемдигин, спутник орбиталарын эсептеп чыгарууга көмөктөшөт... Математика илим катары эч качан бир орунда туруп калган эмес.

Турмуш, практика, өнүгүп-өсүп жаткан бөлөк илимдер жана техника анын алдында улам жаңы милдеттерди коюп турат. Аларды чечүүдө муруңку билимдер жетишсиздик кылат, ошондуктан окумуштуу математиктерге жаны ыкмаларды таап, жаңы теорияларды түзүүгө туура келет. Азыр көптөгөн эң татаал математикалык эсептөөлөрдү адамдын ордуна машина жүргүзөт. Мектепте окутуучу маалыматтар, иштелүүчү көнүгүүлөр математиканын алиппеси гана. Бирок кызыктуу жана кубаттуу математика илиминин ар түрдүү, санап түгөнгүс зор тармактарына алып баруучу чоң жол мына ушул мектеп математикасы: арифметика, алгебра, геометрия аркылуу өтөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)