Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Маугли

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Маугли

Биз Маугли деген кичинекей бала менен ал карышкырдын ийинине коркпостон кирип, бөлтүрүктөр менен кошо айбаттуу карышкыр эне Ракшанын эмчегин эме баштаган учурда таанышабыз. Ал канчык карышкырга асыранды бала болуп, анын бөлтүрүктөрү менен кошо чоңоёт. Ата карышкыр Мауглини аңчылык кылууга үйрөтөт. Балу деген аюу жунглидеги турмуштун мыйзам-эрежелерин түшүндүрөт. Бала-бөрү чымчык менен жыландын тилин, чөптүн ар бир шыбыртынын, жалбырактын ар бир шуудураган маанисин түшүнө баштайт. Ал даракка кабылан сыяктуу жөрмөлөп чыкканды, сууда балыктай сүзгөндү, бутактан бутакка маймылдай секиргенди үйрөнөт.

Маугли жөнүндөгү китепте айбандардын иш-аракети сүрөттөлөт, бирок алар адам сыяктуу эле жакшы көрөт, жектейт, кастык ойлойт, ал тургай уламыш айтат. Маугли жана жапайы айбандар бирдей адилет эреже менен жашашат. Эрежени чаар ала канкор жолборс - Шер-Хан гана бузат. Шер-Хан - Мауглинин элдешпес душманы. Бал анын тарыхы - ал жолборс менен болгон талыкпаган согушунун тарыхы. Маугли кичинекей кезде эле Шер-Хан аны жеп коюуну ойлоп, аңдый баштаган.

Маугли эмне кылбасын Шер-Хан дайым анын жолунан чыгып, тоскоолдук кылат. Бирок Маугли өзүн коргой алат. Акыр аягында ал өзүнүн чаар ала душманын өлтүрүп, терисин сыйрат да, Кеңеш аскасына алып келет. Эгерде Мауглинин ишенимдүү достору болбогондо, ал Шер-Ханды жеңе алмак эмес. Алар биринчи кезекте анын бөрү бир туугандары, андан кийин акылман аюу Балу, жунглиде бардыгын чочуткан кара кабылан Багира, ошондой эле кайраттуу бөрү Акела, питон Каа, кыштакта Мауглини өз уулу катары күтүп алган дыйкан аял да алардын катарында.

Адам жунглидегилердин бардыгынан күчтүү, кубаттуу болуп чыгат. Карышкырлардын бири да, атүгүл Багира сулуу да аны менен дит багып тиктеше албайт. Ал - ааламдын падышасы. Эр жетип чоңойгон Маугли кийин өз ата-теги - адамдар арасына кайтып келет, ошентсе да ал баары бир жунглинин кожоюну болуп кала берет. Маугли жөнүндө англис жазуучусу Редьярд Киплингдин айбандардын турмушун сүрөттөгөн Жунгли китебинде баяндалат. Жазуучу Индияда узак жылдар жашаган. Ал жергиликтүү калктан көптөгөн уламыштарды уккан, бөрүлөрдүн үйүрүндө чоңойгон бала тууралуу уламыш да - ушулардын бири. Киплинг ушунун негизинде Маугли жомогун жазган. Балким, Киплингдин бөлөк жомокторун да окуган чыгарсыңар.

Бардык жакшы жомоктор сыяктуу эле аларды балдар эмес, чоңдор да өтө берилип окушат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 5166, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу