Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мавлянов Жунай (1923)

Баш барак | Биографиялар | Мавлянов Жунай (1923)

Мавлянов Жунай (1923)Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Мавлянов Жунай 1923-жылы Жаңы-Жол районуна караштуу Кош-Дөбө айылында туулган. Жалал-Абадтагы педагогикалык окуу жайын, ошол эле шаардагы мугалимдер институтун, КМУну сырттан окуп бүтүргөн. Москвада СССР Жазуучулар союзунун алдындагы жогорку адабий курсунда да окуп келген. Улуу Ата мекендик согушка катышып, оор жарадар болуп кайткан. Мектептерде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы, "Мугалимдер" гезитинин редактору болуп иштеген. Адабияттагы чыгармачылык жолун ыр жазуу менен баштап, "Жүрөк" деп аталган алгачкы ырлар жыйнагын чыгарган.

Кийин кара сөзгө өткөн. Алгачкы ирет "Бекиш, сага эмне болду?" деген повестин китеп кылып чыгарган. Кийин көптөгөн ангемелер, повесттер жыйнактары, "Ачык асман", "Бийиктик", "Жаңы таң" романдары кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн. Айрым чыгармалары өзбек, тажик, латыш, татар тилдеринде которулса, өзү да кыргыз тилине орус жазуучуларынын чыгармаларынан которду. Эмгек синирген мугалим, агартуунун отличниги. Ата мекендик 1 даражадагы, Эмгек кызыл туу, "Ардак белгиси" ордендери, согуштук жана эмгек медалдары, Ардак грамоталар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 2451, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо