Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасы

Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасы – КР кылмыш-жаза укугундагы жазалоо менен катар пайдаланыла турган кылмыш-жаза-укуктук жактан таасир этүүнүн бир түрү. Ал сот тарабынан төмөндөгүдөй жактарга карата белгиленет: а) КР кылмыш-жаза мыйзамдарда каралган коомго кооптуу жорук-жосун жасаган жиноорулууларга, б) аракечтик, баңгилик же жытмаңги оорусуна чалдыккан соттолгон адамдарга. М. м. м. ч-нын негизги максаты соттолгон адамдарды айыктыруу жана алардын КР кылмыш-жаза мыйзамдарда каралган жаңы жосундарды жасоосун алдыналуу болуп саналат. Сот тарабынан М. м. м. ч-нын төмөндөгүдөй түрлөрү дайындалышы мүмкүн: 1) ооруканага жаткызбастан сыртынан көзөмөл кылуу жана психиатрда дарылоо (мажбурлап жаткыруу), 2) жөнөкөй байкоо жүргүзүү менен жиноору ооруканасына жайгаштыруу, 3) такай көзөмөл жүргүзүү менен жиноору ооруканасына жайгаштыруу, 4) катуу көзөмөл жүргүзүү менен жиноору ооруканасына жайгаштыруу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)