Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мээр чөп

Баш барак | Жомок уламыштар | Мээр чөп

Илгери бир хандын жалгыз кызы айыкпас дартка дуушар болот. Хан жар салып дарыгерлерди чакыртат.

- Айыктара албасанар башынардан ажырайсынар, - деп катуу шарт коет.

Ошондо бир кыйын дарыгер:
- Бир гана мээр чөптөн жасалган дары жардам бере алат, - деген экен.

Хан жигиттерине үч күн мөөнөт берет.
- Эгер таап келбесенер башынардан ажырайсынар, - дейт.

Хандын жигиттери ары ойлонушуп, бери ойлонушуп, айласы кетип карыя анчыга барышат. Иштин жайын түшүндүрүшөт. Карыя анчы:
- Бул чөптү табуунун бир гана жолу бар, - деген экен. Сагызгандын балапанын таап келгиле, - деп буйрук берет.

Жигиттер сагызгандын балапанын таап келишет. Карыя анчы балапандын бир канатын сындырат да жигиттерге берет
- Эми кайра ордуна алып баргыла, - дейт.

Сагызган балапанына келет, ошондо силер аттарыңарды суутуп даяр болгула, сагызган кайда учса ошол жакка барасынар. Сагызган учуп олтуруп жалама аска-зоолорго барат, ошондо силер өтө кылдаттык кылып аңдышынар керек, сагызган ошол аска-зоодон мээр чөптү таап, балапанына алып келет, - дептир.

Хандын жигиттери баягы карыя анчы айткандай кылышат, чын эле сагызган балапанынын жанында бир аз болуп, учуп кетет. Жигиттер калбай жүрүп отурушат, бир күн өтөбү, эки күн өтөбү, айтор жалама аска-зоого жетишет. Жигиттер аярлашып, өтө кылдаттык менен андышат, баягы сагызган конгон жерди белгилешип, анчы айткан белгилери менен чөптү издеп табышат. Ошентип чөп табылып, дарыгер дары жасап, хандын жалгыз кызын айыктырыптыр. Сагызган болсо балапанына чөптү берип, канатын айыктырып чогуу учуруп кетиптир.

Илгертен бери элде:
- Миң дартка даба мээр чөптү, бир гана сагызган таба алат, - деп айтылат.

Жайгаштыруу: 2016-12-23, Көрүүлөр: 2750, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо