Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мээр чөп (женьшень)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Мээр чөп (женьшень)

Чыгышта Айбанат падышасы - жолборс, өсүмдүк падышасы - мээр чөп - деген макал бар. Бирок жолборс айбанат падышасына чын эле окшоп турса, өсүмдүк падышасынын көрүнүшү окшобойт. Сабагы ичке, тарамдалган жалбырагы кууш, жемиши - майда жана даамсыз. Анткени менен кээде адам сөлөкөтүнө бир аз окшоп кетүүчү тамыры нык жана ири. Мээр чөп чогултуучулар абдан кымбат баалануучу бул чөптүн тамырын ыраакы чыгыш тайгасында айлап издеше турган. Көп кишилер тайгада аны издеп жүрүп зыянга учуроочу. Бирок сыйкырдуу тамырды издеп улам жаңы кишилер сапарга чыкчу. Кытай тилинде жень-шень деген сөз тирүүлүк тамыры дегенди билдирет. Өсүмдүктүн мындайча аталышы жана тамырынын кымбат бааланышы кокустук эмес. Анткени тамырдан оор дарттарга даба болуучу дарылар жасалат. Бирок мээр чөп өтө сейрек учуроочу өсүмдүк болгондуктан, жылдан жылга азая баштады.

Ошондо адамдарда женьшенди өзүбүз өстүрсөк болбойбу деген ой туулду. Бул оңой-олтоң иш эмес. Бирок адамдар кыйынчылыкка моюн сунушкан жок, анткени миңдеген оорулуу адамдарды ажалдан сактап калуу керек эле. Ошентип адамдар максатына жетти. Эми тирүүлүк тамырын издеп тайгага баруунун кереги жок - мээр чөп атайын плантацияларда өстүрүлөт. Мындай плантациялар ыраакы чыгышта жана борбордук азияда бар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1331, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу