Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мекен

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Мекен

Мекен деген эмне? Бул сөз бардыгыбыз үчүн өзгөчө кымбат. Мекен - бул ар кимдин киндик каны тамган жери гана эмес, ал учу-кыйрына көз жетпеген ажайып керемет өлкөбүз - кыргыз жери. Мекен деген аялуу сезим дайыма адамдардын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алып, Ата мекен деген касиеттүү эки сөз биздин сезимде ажырагыс байланышта турганы бекеринен эмес.

Эл башына күн түшүп, оор сыноо шыкап келген учурда адамдар салгылашууга: мекен үчүн!, Ата журт үчүн,- деп киришкени белгилүү. Биздин Мекен жөнүндө легенда, ырлар да көп. Биз Мекендин эки миң жылдан ашык мезгил ичиндеги тарыхын өткөндөгү баатырлык иштерин, эркиндик үчүн күрөшкөн баатырлары менен жоокерлерин, улуу даанышмандары менен жаңы коомду жараткан уул-кыздарын эч качан унутпайбыз. Биздин Мекен - Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгаринин мекени, Курманжан датканын мекени, Алыкулдун мекени. Ар бир адам өз өмүрү жана эмгеги менен мекендин тагдырына из калтырып кетет. Мекенге карата болгон сүйүү - патриотизм, Мекенин сүйгөн адамды патриот деп айтышат.

Патриот, патриотизм сөздөрү гректин патрис деген сөзүнөн чыккан. Бул сөз мекен деген маанини билдирет. Окуучулар мектепте окушат, билим алып, билимдүү адамдардан болуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мунун баарын Мекен тартуулаган. Мектепти бүткөндөн кийин окууну улантууга же иштөөгө, каалаган жерге барып дем алууга укугуңар бар. Анткени Кыргызстандын ар бир жараны эмгектенүүгө, билим алууга, эс алууга жана башка толуп жаткан маанилүү укуктарга ээ. Мекендин бакубаттыгы үчүн эмгектенүүгө, эгерде керек болсо колуңарга курал алып, аны коргоого даяр болуу зарыл.

Кичи мекен деген дагы түшүнүк бар, ал эмнени түшүндүрөт? Ал биздин өсүп-чоңойгон шаарыбыз, айылыбыз, көчөбүз, биз жашаган үй, тарбия алган үй-бүлөөбүз

Кичи мекенби же чоң мекенби, мекенибиздин өнүгүүсү үчүн, ар бир жаран жоопкерчиликтүү болушу керек, эң жөнөй мисал, таштандыны көрүнгөн жерге таштабоо. Өнүгүү үчүн дагы эмне кылыш керек? Пара албоо жана бербөө, киши башына болгон ички дун ондурумду көбөйтүүгө салым кошуу, жалкоолонбой билим алуу, адилеттүү жана айкөл болуу жана башка ушул сыяктуу көптөгөн жакшы сапаттарды үйрөнүү зарыл.

Мекен жонундо макалдар, афоризмдер:
Кереги жок бейиш жеринин, мекениме коё бергиле

Татыктуу жашап, байыр алып,
Берилбей жаман нерсеге,
Өнүгүп өсүп, көгөрүп, тамыр алганың,
Журтка кызмат кылганың,
Мекенге кошкон салымың.

Мекенге кылдым салым деп бакырганга ишенбе,
Эмгек кылгандарга баш көтөрбөй , жакындагын, жакында.
Алар билишет чоң сырды, айкөлдүн сырын, салымдын сырын мекенге.

Мекенин сыйлабагандан сый күтпө.
Мекенди сыйлай албай, баатыр жаралбайт.

Билип жүр, ак иш кылып, ак сүйлөп,
Билим алып, так сүйлөп,
Айкөлдүк жүрсө жаныңда,
Күн сайын журтка кошкон салымың,
Тоодой болот жан-досум.

Жандан артык болушу керек, Мекенге болгон сүйүүбүз.
Ынтымак-достук күчтүү болсо, Мекен болот бек-бекем.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 115694, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-01-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу