Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мексика

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Мексика

Жеринин аянты - 1972550 чарчы/чакырым. Калкы - 101879000 адам. Бул өлкөнү кыдыруу үчүн сөзсүз жогору көтөрүлүп же төмөн түшүү керек деп айтышат. Чынында эле бул - тоолуу өлкө. Мексиканын аймагынын жарымынан көбү деңиз деңгээлинен 1000 метр бийиктикте жатат. Орисаба жана Попокатепетль өңдүү эбегейсиз зор жанар тоолордун ак кардуу чокулары күнгө чагылышып жаркырайт. Мексика - Латын Америкасындагы эң ири өлкөлөрдүн бири. Анын жаратылышы ажайып жана ар түрдүү. Бул өлкөдө аппак кардан селде жамынган жанар тоолор, аскалуу тоо кыркалары, ысыкка чыдамдуу кактус менен агавалардан башка эч нерсе өспөй турган мээ кайнаткан чөлдөр да бар. Мексикада тикенектүү узун жашыл кактустан тартып, тикенектүү томолок-кирпиге чейинки кактустардын 500гө жакын түрү өсөт.

Too капталдары менен тоо этектериндеги ойдуңдарды дайыма көк-жашыл тропиктик токойлор жана саванналар каптап жатат. Токойлордо дарактардын баалуу породалары - кызыл темир дарактары, мексикалык кипаристер, ал эми ага жанаша жаткан өрөөндөрдө ананас менен банандар өсөт. Мексика - байыркы индей маданиятынын өлкөсү. Аларды испандык баскынчылар жырткычтык менен талкалашкан. Байыркы индей маданиятынын айрым белгилери азыркы күнгө чейин сакталып калган. Мексикалыктар майрам күндөрдө эски салт боюнча индейлердин кийимин кийип, бий карнавалдарын уюштурушат. Индейлердин легендалары жана жомоктору эл арасында жашап жана айтылып келет. Элдин тилинде индейлердин төл сөздөрү көп, алардын айрымдары, мисалы шоколад, томат деген сөздөр интернационалдык сөздөргө айланып кеткен.

Өлкөнүн көптөгөн райондорунда индей уруулары ушул мезгилге чейин сакталып калган. Алар өз тилдеринде сүйлөшүп, өздөрүнчө бөлөк жашашат. Мексикада пайдалуу кендер көп. Мында алтын, күмүш, түстүү жана сейрек металл, темир рудалары казып алынат. Көп убакыттан бери нефть чыгуучу жерлер изилденип жатат. Мексиканын өнөр жай тез өнүгүүдө. Ал - Латын Америкасындагы өнөр жайы бар кыйла өнүккөн өлкөлөрдүн бири.

Жалпы калкынын жарымына жакыны айыл чарбасында эмгектенет. Көпчүлүк жеринде жүгөрү өстүрүлөт. Мексика - анын мекени. Ошону менен катар буудай, шалы, балкамыш, кофе өстүрүлөт. Борбору Мехико шаарында азыркы архитектура менен өткөн кылымдардын архитектурасы бири-бири менен укмуштуудай айкалышып турат. Бир нече чакырымга созулган кең-кесири проспектилер, алакандай көчөлөр, көк тиреген көп кабаттуу үйлөр майда эски тамдар менен кыналышкан.

Мексикалыктар кайраттуу жана шайыр эл келет. Элдин көңүл ача турган сүйгөн оюну - салтка айланган коррида - бука менен кармашуу. Мексикалыктар жекшемби сайын күндүзгү саат 4тө трибунага чогулушат. Бул - эң кызыктуу, салтанаттуу майрам. Футбол эл арасына кеңири тараган. Олимпиялык стадиондо жана башка ондогон стадиондордо жекшемби сайын күндүзгү саат 12де футбол оюну башталат. Мексикалыктар музыка менен ырды өтө жакшы көрүшөт.

Бардык салтанаттуу кездешүүлөргө элдик музыканттар - марьячтар сөзсүз катышат. Давид Сикейрос, Диего Ривера, Хосе Клементе Ороско өңдүү мексикалык сүрөтчүлөрдүн даңкы бүткүл дүйнөгө белгилүү. Алар Мексика элинин даңктуу өкүлдөрү, эмгек менен күрөштүн каармандарынын образдарын жаратышкан.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4563, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо