Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мектеп

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Мектеп

Мектеп деген сөз араб тилинен алынган, окуу жайы деген түшүнүктү билдирет. Байыркы Грецияда бул сөз ойчулдардын өз шакирттери менен болгон аңгемесин түшүндүргөн. Албетте, мектепке барган биринчи күн силердин эсинерде түбөлүккө калса керек... Сентябрь айынын эртең мененки убагы. Күн нуру жаркырап тийип турду. Бардык класстын окуучулары мектептин жанында тизилип турушат. Жайнаган гүлдөр, балдардын күлкүсү угулуп, жүздөрү шаттыкка толгон. Мында классташ жолдоштор менен алгачкы ирет көрүшүп, мугалимдер менен таанышуу болот. Биринчи класстын окуучуларына директор, ата-энелер жылуу, мээримдүү сөздөрү менен кайрылышат. Андан соң окуучулар үчүн алгачкы коңгуроо кагылат.

Ал эми жазында окуучулардын дал ушундай чоң жыйналышында мектеп коңгуроосу кайтадан кагылат. Бул жолу он биринчи класстын бүтүрүүчү окуучуларына арналган акыркы коңгуроо. Окуучунун биринчи класстан он биринчи класска чейин басып өтүүчү жолу ушундай. Окуучу ушул он бир жылдын ичинде көп нерсени үйрөнөт. Ошондо эң башкы жетекчи жана акыл кошчу адам - мугалимибиз дайыма жаныбызда болот. Ал эми окуучунун башкы милдети - мектеп берүүчү билимге ийгиликтүү жана тырышчаактык менен ээ болуу.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2733, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо