Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мектеп жашындагы балдардын тамактануусу

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Мектеп жашындагы балдардын тамактануусу

Мектеп жашындагы балдардын тамактануусу мектепте окуган убакытын эске алуу менен уюштурулат. Эртең менен окуган баланын биринчи тамактануусу мектепке чейин саат 7-7.30 да, экинчи тамактанышы мектепте саат 11-12 де, түшкү тамагы мектептен келгенде саат 15-16 да, кечки тамагы саат 20 да болушу тийиш. Түштө окуган балдар эртең менен саат 8 де, түшкү тамагын мектепке чейин саат 12-13 тө, бетттим тамагын мектепте саат 16 да, кечки тамагын үйдө саат 19-20 да ичишет. Ошондо эртең мененки азыгы күнүмдүк тамак-аштын 25%, экинчи тамактануусунда 15-20%, түшкү азык 35-40%, бешимдеги жана кечки тамагы 20 пайызга жакын өлчөмдөрдү түзөт. Окуучулар мектепте 4-6 саатка чейин жүргөндүктөн ошол убакытта бир маал тамактанбаса алардын ахвалы, ден-соолугу начарлайт. Ошондуктан мектепте ысык тамак уюштурулбаса, балага ылайык тамак салып берүү керек. 6 жашар окуучулардын тамактануусуна мектептин жетекчилери, ата-энелер чоң көңүл бурушу зарыл, себеби алар бүкүлү тамактарды жакшы өздөштүрө албайт. Бул курактагы балдарга жакшы майдаланган ботко, пюре түрүндөгү тамак-аштар, сүт азыктары, жашылчалар берилет. Балдардын өспүрүм курагы организмдин тез өсүшү-өөрчүшү менен мүнөздөлөт, ошол себептен булардын тамактануусунун сапатына көз салуу керек. Алардын тамак-ашында толук баалуу белоктор, түрлүү витаминдер болсо алардын ден-соолугу чыңдалат.

Өспүрүм мезгилде балдардын жана кыздардын жыныстык жетилүүсү жүргөн соң, алардын организминин муктаждыгы айырмалана баштайт. 1-таблицада мектеп жашындагы балдарды тамактандыруучу азыктар жана алардын күнүмдүк өлчөмү грамм менен берилген.Балдардын күнүмдүк тамак-ашы, гр менен

Тамак-ашЖашы
7-1011-1314-17
КыздарБалдар
Сүт500500500500
Быштак40455050
Каймак15151515
Эт140175220220
Балык40606070
Кара нан75100100150
Ак нан165200200250
Кесме, макарон15151515
Буурчак, фасолъ5101010
Күрүч, гречка30353535
Кант жана таттуулар7085100100
Жуулган май25253030
Өсүмдүк майы10151515
Картөшкө200250275300
Жашылчалар275300350350
Жемиштер150-300150-300150-500150-500

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1339, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо