Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Мектепке чейинки куракта инсандын калыптаныш шарты

Мектеп жашына чейинки бала инсан катары белгилүү психикалык жана жекече өзгөчөлүктөргө ээ болуп, башкалардан айырмаланат. Баланын инсандык өзгөчөлүгү мүнөзүнүн жана психологиялык процесстеринин пайда болуп калыптанышынан байкалат. Бала коомдун мүчөсү катары жүрүм-турумдун жаңы психологиялык өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүп өнүгөт. Мектепке чейинки куракта баланын өнүгүү шарты эрте жаш курактагы бөбөктүн өнүгүү шартынан маанилүү түрдө айырмаланат.

Мектепке чейинки баланын жүрүм-турумуна карата талаптын жогорулашынын негизинде анын инсандык өнүгүүсүнүн эки жагы каралат. Анын бири бала айлана-чөйрөдө өзүнүн ордун түшүнүп өздөштүрүүдө, жүрүм-турумдун жаңы мотивин пайда кылат. Баланын эрк аракеттеринин жана сезиминин өнүгүүсү инсандык түзүлүштүн экинчи жагы катары белгиленген.

Баланын инсан катары өнүгүүсүндө коомдогу адамдардын жүрүм-турумун багыттап жөнгө салуу жолун өздөштүрүү негизги фактор. Бала чоң адамдардын жүрүм-турумун үлгү катары кабыл алып өздөштүрөт. Айрыкча жакын адамдардын мамилеси, жүрүм-туруму балага күчтүү таасир этет. Бала алардын кыймыл-аракетин туурап, башка адамдар менен болгон мамилесин, көз карашын өздөштүрүп чагылдырат.

Жакын адамдардан тышкары бала айлана чөйрөдөгү чоңдордун жашоо шартын байкап, айткандарын угуп, кабыл алат. Негизинен баланын кызыгуусун, жакшы көрүү сезимин пайда кылган адамдардын жүрүм-туруму үлгү катары чагылдырылат да «жакшы» же «жаман» деген түшүнүктү такташат. Балдар жолдоштору менен өз ара мамиленин түзүлүшүндө чоңдордун талабына баш ийүү менен чектелбестен, жүрүм-турумдун эрежесин өз алдынча өздөштүрүүгө умтулушат. Мунун негизинде баланын жашоосунун мазмуну өзгөрүп, жүрүм-турумдун активдүүлүгү байкалат.

Мектеп жашына чейинки балада адеп-ахлакты өздөштүрүү, максаттын белгилениши, жүрүм-турумдун эрктүүлүгү сыяктуу инсандык түзүлүштөр пайда болот. Бала өзүнүн курбалдаштары менен эмгектенүүдө, оюн иш-аракетинде мамилелеринде алкагында болуп, өзүнүн аракеттерин алардын кызыгуусу, каалоосуна байланыштуу багыттап жөнгө салууга көнүгөт. Бул инсандын өнүгүүсүнүн негизги жагы, анткени бала жолдоштору менен балага мамиледе өзүнүн жүрүм-турумун багыттап жөнгө салууга үйрөнө баштайт.

Мектепке чейинки балада жүрүм-турумдун мотивин изилдөөнүн негизинде анын эки жагы өздүк жана коомдук мааниси аныкталган. Төрт-беш жашар баланын жолдоштору менен болгон мамилесинде жүрүм-турумдун өздүк мотиви басымдуу болуп, алар чоң адамдардын эмоционалдык баалоосуна, жакшы көрүп мактоого, эркелетүүгө ээ болууга умтулат. Балада өзүн баалоого болгон керектөө жогору болгондуктан мындай өзгөчөлүк инсандык оң сапаттарды пайда кылат.

Өздүк мотив ар түрдүү иш-аракетте байкалат жана иш-аракеттеги заттарга багытталат. Мисалы, оюн иш-аракетинде кичинекей бөбөк өзүн оюнчуктар жана оюнга керектүү кошумча заттар менен камсыз кылууга умтулат, бирок оюндун жүрүшүндө оюнчуктарды багыттуу пайдалана албайт. Беш-алты жашар баланын жүрүм-турумунда мотивдүүлүгү башкалар үчүн кам көрүү, чоңдорго окшош болуу формасында чагылдырылат.

Мектеп жашына чейинки бала жүрүм-турумдун нравалык нормасын өздөштүрө баштайт. Бала курбалдаштарынын жүрүм-турумун баамдап баалоого умтулат. Төрт-беш жашар бөбөк байкаган окуяларды кайгыруу же кубануу менен активдүү чагылдырат.

Башка адамдардын, курбалдаштарынын кайгы, кубанычына ортоктош болууга умтулуп, алар үчүн кам көрүү байкалат. Баланын инсандык нравалык сапаттарынын калыптанышында анын чоң адамдарды үлгү катары кабыл алышы зор роль ойнойт. Мектеп жашына чейинки баланын жүрүм-турумунда окшоштуруп тууроого болгон аракет туруксуз, чоңдор менен болгон мамиленин, көргөн кинолордун, уккан аңгемелердин таасири астында өзгөрүп турат.

Бул мезгилде балада өзүнүн мүмкүнчүлүгүн байкоо пайда болот. Беш жаштагы балдар өзүнүн мүмкүнчүлүгүн жогору баалайт. Алты-жети жашында бала көп учурда өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүн аткарган иши боюнча баалашат.

Мисалы, төшөктү, үйдү жыйнаганды билем. Бөбөгүмдү кийинтем,- деп белгилешет. Бул курактагы бала адеп-ахлактын нормасын сактай билип, өзүнүн жүрүм-турумун баалоосу туруктуу боло баштайт. Баланын тартиптин эрежесин өздөштүрүүсү, өздөрүнүн жүрүм-турумун жалпы тартипке багыттосу жүрүм-турумдун калыптанышынын баштапкы деңгээли. Алты-жети жашар балада иштеген ишине жоопкерчиликтүү, аң-сезимдүү мамиле байкалат, жүрүм-турумунда эрктүүлүк калыптана баштайт.

Бул куракта бала белгилүү деңгээлде өзүнүн мүмкүнчүлүгүн билип, аракеттенүүдө максат белгилеп, ага жетүүнүн каражатын табат. Аларда өзүнүн аракетин пландаштырып, аны анализдеп өзүн контролдоо мүмкүнчүлүгү пайда болот. Д. Б.Эльконин белгилегендей мектепке чейинки куракта бала «мен өзүм» деген мезгилден тартып, өзүнүн ички турмушун аң-сезимдүү түшүнгөнгө чейин татаал жолду басып өтөт. Мында инсандын иш-аракетте мамиле түзүүгө болгон керектөөсү, жүрүм-турумдун белгилүү формасына түрткү болгон мотивдердин мүнөзү чечүүчү мааниге ээ болот. Мектеп жашына чейинки куракта жүрүм-турумдун мотиви маанилүү түрдө өзгөрөт.

Эрте жаш курактагы бөбөк таасир эткен кырдаалга байланыштуу аракеттенсе, беш-алты жашар баланын жүрүм-турумдагы аракеттери аң-сезимдүүлүгү менен айырмаланат. Мисалы, үч жашар бөбөк оюнчукту ордуна жыйнаганда ойноп алаксыса, алты жашар бала оюнчуктарды энесине көмөк көрсөтүү максатында жыйнайт. Психологиялык адабиятта мектеп жашына чейинки баланын жүрүм-турумуна таасир эткен мотивдин түрлөрү белгиленген. Бул баланын чоң кишилерге окшош болууга умтулуусу. «Балага сен чоңоюп калдың да, чоН кишилер өзү кийинет» деп кайрылганда баланын жүрүм-турумунда өз алдынча болууга умтулуу байкалат.

Же үч жашар балага «сенин ыйлаганыңды карындашың укса уят го» дегенде ал тып басылат. Мотивдин дагы бир түрү иш-аракетте, жүрүм-турумда оюн аракеттерин чагылдырат. Бала врачтын ролун аткарып «оорулуу киши», курбалдашы үчүн кам көрсө, бир аздан кийин оюн бүткөндө ошол эле баладан оюнчук талашат, башкача айтканда оюн аракеттерин аткарууда баланын жүрүм-турумунда жоопкерчилик сезими пайда болот. Баланын жүрүм-турумунда чоң кишилер жана курбалдаштары менен мамиле түзө билүү, жакшы мамиледе болууга умтулуу мотиви маанилүү.

Бала чоң кишилерден туура мамилени күтүп, өздөрү сыйлаган курбалдаштары менен бирге болууга умтулат. Мектеп жашына чейинки балада башкалардын өзүнө назар салып сыйлоосун, инсан катары кабыл алууга умтулуу мотиви өнүгөт. Мектеп жашына чейинки балада ишмердүүлүктүн татаалдашынын негизинде мотивдин жаңы түрлөрү таанып-билүү жана мелдешүү калыптанат.

Үч – төрт жашар бөбөктүн чоң кишилерге «бул эмне?», «кандайча?», «эмне үчүн?» деген сыяктуу көптөгөн суроолор менен кайрылуусу жаңы нерселерди билүүгө болгон кызыгуусун мүнөздөйт. Жүрүм-турумдун мотивинин өнүгүүсүндө нравалык мотивдер өтө маанилүү.

Бул мотивдер мектеп жашына чейинки баланын жүрүм-турумдун нравалык нормасын жана эрежесин өздөштүрүп башка адамдар менен болгон мамилесинин негизинде өзгөрүп өнүгөт. Жүрүм-турумдун нравалык нормасын түшүнө билүү, өздөштүрүү баланын жекече, жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу өтөт. «Сен жолдошуңду капа кылбайсыңбы?» деген суроого төрт жашар бала «мен капа кылсам ал ыйлайт» десе, алты жашар бала «жолдошун капалантуу уят иш» деп аң-сезимдүү мамилени чагылдырат.

Нравалык мотивдердин эң маанилүүсү коомдук мотив. Бул мотив ишти аягына чыгаруу, башкалар үчүн кам көрүү, жардамдашуу сыяктуу жүрүм-турумдун өзгөчөлүгү менен мүнөздөлөт. Мектепке чейинки куракта жүрүм-турумда мотивдин өзгөрүшү анын жаңы түрүнүн пайда болушуна байланыштуу. Бала үчүн мотивдердин бири экинчисине караганда өтө маанилүү болушу байкалат. Бала үчүн маанилүү мотивдер анын жүрүм-турумунун контролдоп жөнгө салуунун шарты.

Мотивдердин мааниси боюнча аң-сезимдүү багыттоо мектеп жашына чейинки баланын инсан катары өнүгүүсүндө эң маанилүү кайра түзүлүш. Мектеп жашына чейинки бала жакшы сүрөт тартып ата-энесинин мактоосуна ээ болуш үчүн балдар менен ойногондон баш тартат. Мындай өзгөчөлүк мотивдин маанилүүлүгү боюнча бала өзүнүн жүрүм-турумун багыттап жөнгө салышын мүнөздөйт. Психологдор Л. И.Божович, А. Н.Леонтьев, Л. С.Славина, Д. Б.Эльконин ж. б. өздөрүнүн изилдөөлөрүндө окуу ишмердүүлүгүндө баланын берилген тапшырмаларды аткарышына ар кандай мотивдер ар башка таасир этет деп көрсөтүшкөн.

Окуу ишмердүүлүгүндө окуу тапшырмаларын аткарууда баланын эрк аракеттери калыптанат. Баланын эрк аракетинин калыптанышында аракеттерди пландаштыруу, аны аткаруудагы максаттуулук маанилүү орунга ээ. Баланын окуу иш-аракетинде эрк аракеттеринин калыптанышы инсандын өнүгүүсүнүн шарты. Балада инсандык сапаттардын өнүгүүсүндө иш-аракетте чоң кишилер жана курбалдаштары менен болгон мамиле таасир этет. Иш-аракетти уюштуруп, жетектөөдө чоң кишилер балдардын жүрүм-турумун жана аракетин багыттап пайда болго пикир келишпөөчүлүктү жөнгө салат.

Балдар коллективинде, оюн иш-аракетинде бала инсан катары өнүгөт. Оюндун мазмунун ачып берүүдө балдардын аракеттери, өз ара мамилеси алардын жүрүм-турумуна таасир этет. Коллективде өз ара мамиленин түзүлүшүндө оюнду «жетектеген» баланын койгон талабы, жүрүм-туруму курбалдаштарына таасир этет.

Оюнду уюштуруп «жетектеген» бала курбалдаштарынын каалоосу менен тандалат да, ал өз ара пикир келишпөөчүлүктү, балдардын кызыгуусун, мүмкүнчүлүгүн жөнгө салууга умтулат. Экинчи учурда оюнду «жетектеген» бала курбалдаштарына үстөмдүк кылып, өзүнүн оюн таңуулайт, мындай учурда оюндун жүрүшүндө өз ара пикир келишпөөчүлүк пайда болот. Балдардагы өз ара мамилени уюштуруп аларды инсан катары тарбиялоодо тарбиячынын иш-аракети өзгөчө мааниге ээ. Тарбиячы оюндун мазмунун аныктоодо, ролду бөлүштүрүүдө кеңешчи катары балдарды жетектеп, айрым учурда баланын оюн аракетине этияттык менен кийлигише билүүсү зарыл. Ал оюнду «жетектеген» балдардын жүрүм-турумун, балдар менен болгон мамилесин багыттап жөнгө салат. Оюндун мазмунунун татаалдашы, анны тарбиячынын уюштуруп жетектөөсү баланын инсан катары өнүгүүсүнө таасирин тийгизет.

Негизинен иш-аракеттин кайсы гана түрү болбосун баланын инсандык сапаттарынын пайда болуп калыптаныш шарты. Мектеп жашына чейинки балада иш-аракеттин татаалдашынын негизинде анын таанып-билүүчү мотиви калыптанат. Балада таанып-билүүгө болгон керектөөсү жана кызыгууну активдештирүү, анын инсандык өнүгүүсү элдик макал-лакаптарды түшүнүп өздөштүрүү өзгөчөлүгүнө байланыштуу өтөт. Балдар бакчасында тарбия ишинин талабына ылайык, баланын жүрүм-турумуна, инсандык түзүлүшүнө таасир эткен көптөгөн макал-лакаптар белгиленет. Мисалы, «ылай суу – оруу булагы», «эмгек адамдын өмүрү», «эмгектенсең булчуң толот», «ынтымак болбой иш болбойт», «соо болом десең сергек бол» ж. б. ушу сыяктуу макал-лакаптар баланын коллективдеги өз ара мамилесинин түзүлүшүнө да таасир этет.

Мындай макал-лакаптарды системалуу пайдалануу менен тарбиячы баланын инсандык сапаттарын калыптандырат.Үч жаштан жети жашка чейинки куракта инсандын калыптанышында маанилүү өзгөрүүлөр белгиленет.1.Баланын багыттуулугу кайра түзүлө баштайт. Анын керектөөсүндө таанып-билүүгө мамиле түзүүгө болгон кызыгуу активдешет.2.Жүрүм-турумдун коомдук мотивдеринин калыптанышы чоң кишилердин үлгүсү маанилүү орунга ээ.3.Жүрүм-турумда иштелип чыккан көнүгүүлөрдүн натыйжасында инсандын баалуу сапаты өз алдынчалык ийгиликтүү калыптанышы мүмкүн.4.Ар кандай иш-аракетте, айрыкча оюн иш-аракетинде балдар коллективинде өз ара мамиленин пайда болуп татаалданышында жүрүм-турумдун психологиялык өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү инсандын калыптаныш шарты.5.Кыргыз элинин баалуу салттарын, макал-лакаптарды пайдалануу инсандын калыптанышында маанилүү орунга ээ.6.Балага ишеним көрсөтүү, анын эрк аракеттерин, жоопкерчилик сезимин тарбиялоо менен тарбиячы жана ата-эне баланын жүрүм-турумун активдештирип инсан катары калыптандырат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)