Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

мен ашык

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | мен ашык

Кантарып жерди айдадын,

Карына кунду каратып.

Кажыбас баатыр о жигит,

Кайратына мен ашык.

Ашыкмын мен, аны билсен,

Ой, чиркин (оо-оо-ой, ии-ий) мен ашык.

Жашылдантып жер бетин,

Жаз жели менен жанашып,

Элимдин балбан уулусун,

Эмгегине мен ашык.

Ашыкмын мен, аны билсен,

Ой, чиркин (оо-оо-ой, ии-ий) мен ашык.

Мелмилдеп жаткан кол ашык,

Мейкин талаа жер ашык.

Мекендин баатыр уулу деп,

Мен тургай сага эл ашык.

Ашыкмын мен, аны билсен,

Ой, чиркин (оо-оо-ой, ии-ий) мен ашык.

Асманда алтын кун ашык,

Арада жашыл гул ашык.

Ар куну кирет тушумо,

Артыкча сага мен ашык.

Ашыкмын мен, аны билсен,

Ой, чиркин (оо-оо-ои, ии-ий) мен ашык.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1329, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу