Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Металл доору

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Металл доору

Адамдар өз тарыхындагы бир нече доорду металлдардын аты менен: жез доору, коло доору, темир доору деп бекеринен атабаган. Ушул өтө маанилүү табигый материалдар болбосо биз, балким, азыркыга чейин таш доорунда жүрмөкпүз: болгону таяк менен ташты гана пайдаланып тамак-аш таап жешке, жерди тытмалап айдоого, буюм, кийим-кечек жасоого, турак жай курууга туура келмек. Адам эмгек процессинде акырындап табиятты таанып-биле баштады, табигый материалдарды пайдаланууну үйрөндү. Ага кээде кесек-кесек металлдар да жолугуп жатты. Бирок металлды иштетүү оңой эмес. Адамдар адегенде жезди пайдаланганды үйрөндү. Андан канжар, найзанын учун жасашты. Жезден курал, шайман жасап пайдаланган заманды кийин жез доору деп атап калышкан. Бирок жезден жасалган курал-шаймандар анча бекем эмес эле, майтарылып, майышып кетчү. Башка металлдардын ичинен калай оной эриген, бирок морт болгондуктан ал да эмгек куралдарын жасоого жаралган жок. Адамдарга кокустук жардам берди.

Кайсы бир кемеге-очокто калай менен жездин кесектери аралашып калат. Алардын эригенден кийинки куймасы ар кандай буюмдарды, куралдарды, аспаптарды жасаганга жарактуу болуп чыкты: оной эриди жана жезден бир кыйла бекем болду. Куйманы Коло деп аташты. Ал эми коло кеңири пайдаланылган мезгилди - азыркы жыл санагына чейинки 4-миң жылдыктын аягынан - 1-миң жылдыктын башына чейин - окумуштуулар коло доору деп коюшат. Байыркы замандын металл эритүүчүлөрү отту өтө катуу ысытууга жетишип, темир эрите баштаган кезден тартып адамзат темир дооруна кирди.

Бул мындан үч мин жылча мурун болду. Адамдар акырындап башка металлдарды жана алардын куймаларын пайдаланууну үйрөнө берди. Антпесе адамзат бүгүнкү биз көрүп олтурган зор ийгиликтерге жетмек эмес. Металл болбосо темир жол менен учак, космос корабли менен жердин жасалма жандоочтору (спутниктери), татаал машина, приборлор болмок эмес.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2202, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу