Металлдык байланыш

Металлдык байланыш – металлдар атом бириктирип турган химимялык байланыштардын бир түрү. Металлдар бардыгы сымаптан башкасы кадимки шартта катуу заттар. Алар электр тогун жана жылуулукту жакшы өткөрүшөт. Металлдар мындай өзгөчө касиеттерге ээ болушу алардын кристаллдык торчосундагы өзгөчө мүнөзгө ээ болгон М. б. болушу менен түшүндүрүлөт. Металл кристаллдык торчолорунун түйүнчөлөрүндө металлдар оң иондору жайгашат, ал эми алардын арасындагы боштуктарда электрондор эркин жылып жүрүшөт да, терс заряддуу электрондук газды түзөт. Мындай электрондор оң иондор тобуна жалпы тиешелүү болуп, аларды бири-бири менен байланыштырат жана металлдар өзгөчө касиетке ээ болушуна негиз түзөт. М. б. өзгөчөлүгү, электрондор бир эле убакытта бир нече иондор талаасында болушу менен мүнөздөлөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)