Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Минералдык заттардын жана суунун мааниси

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Минералдык заттардын жана суунун мааниси

Минералдык заттар органдар менен ткандардын курамына кирет жана организмде өтүүчү бардык тиричилик процесстерин катышат. Минералдык заттардын бир бөлүгү клеткаларда болсо калганы канда, ткан арасындагы суюктукта туруктуу абалда кармалып турат. Кишинин организминин тиричилик аракеттерине зарыл болгон негизги заттарга: кальций, магний, фосфор, хлор, күкүрт, темир кирет. Алар клеткалардын жана ткандардын түзүлүшүнө катышышат. Жүрөктүн, булчуң жана нерв системаларынын функцияларын камсыз кылышат. Балдардын организми өсүп өнүккөн сайын сөөктөр өсөт, ошондуктан сөөк ткандарынын негизги курулуш материалы болгон кальцийди алардын керектөөсү эң чоң. Кальций сүттөн, жашылчадан жана жемиштен жасалган тамак-аштардын курамында кездешет. Сөөктүн түзүлүшү үчүн кальцийден тышкары фосфор дагы зарыл болуп эсептелинет. Балдарга зарыл болгон фосфордун жалпы санынын 80%ке жакыны сөөк тканынын, 10% ке жакыны булчуң тканынын курамына кирет.

Организмде фосфордун жетиштүү болушу нерв системасын чыңайт. Фосфор этте, сүттө, балыкта, сулуда, тарууда жана чанактуу өсүмдүктөрдө кездешет. Темир кызыл кан денечелеринде болгон гемоглобиндин курамына кирет жана ал жемиштерде, жашылчаларда, этте, жумуртканын сарысында кездешет. Булардан башка тамак-ашта эң аз өлчөмдө болуучу микроэлементтер деп аталуучу-магний, жез, бром, йод, цинк, кобальт, фтор жана башкалар керектүү микроэлементтер. Организмде алардын кээ бирлеринин жетишсиздиги ооруларды: йод жетишпегенде - богок (Кыргызстанда кеңири таралган, айрыкча Нарын өрөөнүндө), кобальт же болбосо жез жетишпесе - аз кандуулуктун оор түрүн, фтор жетишпесе - тиштердин бузулушун жана башканы пайда кылат. Балдарды туура тамактандырса минералдык заттар жетиштүү болуп, кошумчалап берүүнүн кажети жок. Суу - организмдин курамына кирет.

Адамдын организмде өтүүчү бардык тиричилик кубулуштар суунун өлчөмү жетиштүү болгондо жүрөт. Бала канчалык кичине болсо, анын организмидеги суунун өлчөмү көбүрөөк болот. Сууга болгон муктаждыкты кишилер суу түрүндө гана эмес суюк тамак, жер - жемиштердин, жашылчалардын ширеси түрүндө камсыздайт. Ошондуктан бала канчалык жаш болсо, ошончолук көбүрөөк суюк нерселерди ичет.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 3816, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу