Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Мюнхен

Мюнхен – Германиядагы шаар. Бавария жеринин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Альп тоосунун этегинде, Изар дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,3 млн (2011, шаар айланасы менен Чоң Мюнхендин калкы 2,6 млндон ашык). Европалык маанидеги маанилүү жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн өнөр жай, финансы, илимий жана маданий борборлорунун бири. Электр-техника, радиоэлектроника, жалпы жана транспорттук машина куруу, кагаз, полиграфия, тигүү жана текстиль, химия, тамак-аш – татымал (анын ичинен пиво кайнатуу өнүккөн) өнөр жайы ишканалары иштейт. Банк иштери жана соода борбору. ИА жана асем искусство академиясы, университет, музейлер (анын ичинен Бавария улуттук, этногр. жана башкалар), глиптотека (айкелдер топтому), эски жана жаңы пинакотека, театрлар бар. Мюнхенге 8-кылымдан эл отурукташа баштаган. 1158-жылдан шаар. 13-кылымдан герцог резиденциясы. 1918-жылы чейин Бавариянын борбору болгон. Соңку готика стилиндеги Фрауэнкирхе чиркөөсү (15-кылым), Кудай эне собору (15-кылым), Эски ратуша (15-кылым), барокко стилиндеги Нимфенбург ак сарайы (17–18-кылым) сакталган. 1972-жылы Мюнхенде ХХ олимпия оюндары өткөн. Жыл сайын ярмаркалар жана пиво фестивалдары өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)