Мөөнөт узартуу

Мөөнөт узартуу (фр. рrolongation , prolongare – узартуу) – келишимдин иштөө мөөнөтүн келишим түзүлүп жатканда каралган мөөнөттөн ары узартуу. М. у. 2 ыкма менен ишке ашырылат: а) келишим мөөнөтүн белгилүү бир мөөнөткө чейин узартуу жөнүндө атайын макулдашуу (протокол) түзүлөт, б) узартуу шарты келишим текстине киргизилет (адатта анда төмөндөгүлөр камтылат: эгер келишимге киргизилген мөөнөт бүткөнгө чейин келишимге кирген тараптардын бири тарабынан келишимден баштартуу тууралуу билдирүү келип түшпөсө, келишим белгиленген мөөнөткө чейин узартылган болуп эсептелет).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)