Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Моцарт Вольфганг Амадей (1756-1791)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Моцарт Вольфганг Амадей (1756-1791)

Мындан эки жүз жылдан ашык мурда Австриянын Зальцбург шаарынан чыккан беш жаштагы укмуштуу музыкант Вольфганг Моцарт жөнүндөгү кептер бүткүл Европага чагылгандай тез тараган. Анын клавесинде, скрипкада, органда укмуштуу чеберчилик менен ойной тургандыгы тууралуу ооздон-оозго өтүп жатты. Баланын музыкалык чыгармаларды эч кандай даярдыксыз эле оюнан чыгарууга жана ойноого, башкача айтканда дароо төгүп жиберүүчү таң каларлык жөндөмдүүлүгү музыка сүйүүчүлөрдү гана эмес, белгилүү композиторлорду да таң калтырган. Бул бала баарыбыздан өтөт - деп алардын көпчүлүгү моюндарына алууга аргасыз болушкан. Ал эч бир кайталангыс жаңы, сезимди козгогон обондорду көз ачып жумгуча жазган. Анын ушунчалык жанга жагымдуу күүлөрү жөнөкөй эле сыяктуу болуп көрүнчү. Бирок алар өтө ар кыл, бирде бий сыяктуу көркөм жана жандуу болсо, бирде ыр сыяктуу муңдуу, аянычтуу келип чын дилден төгүлүп жаткансыйт, кээде ал өтө эле шаттуу угулат! Бул даанышман бала жөнүндөгү сөздөр легендага окшоп кеткен. Баланын Германия, Англия, Швейцария, Италия, Францияда койгон таң каларлык концерттери тууралуу газеталар билдирип жатышты. Француздар алты жашар композиторду урматтап, анын скрипка жана клавесин үчүн жазган чыгармаларын биринчи жолу басып чыгарышкан.

Моцарт өтө көп эмгектенген. Кээде ал бир күндө эки жолу концерт берип, музыканы түн ичинде жазууга аргасыз болгон. Моцарт 14 жашка толгондо Милан шаарындагы атактуу Италия опера театры ага Митридат, Понтий падышасы операсын жазууну тапшырган. Бул опера 1770-жылы чоң ийгилик менен өткөн. Моцарт Болонья шаарынын музыкалык академиясынын татаал сыноосунан да оңой эле өткөн.

Жалгыз үнгө арналган эски обондун негизинде хорго арнап жарым сааттын ичинде татаал чыгарма жазып чыгат. Ошентип он төрт жаштагы Моцарт академиянын мүчөсү болуп шайланган. Композитор Италияда болгон учурда көптөгөн ыр, серенада, симфония жана квартеттерди жазган. Моцарт саякатта жүрүп Италия, Франция, Англия, Бельгия, Голландиянын музыкаларын жакшы өздөштүргөн. Башка өлкөлөрдүн элдик обондору ага абдан жаккан. Музыкалык сапарлар композиторго өтө маанилүү жана олуттуу музыкалык мектеп болгон. Музыка чыгаруунун мыйзамдарын изилдөөдө мен сыяктуу көп эмгектенген эч ким болгон эмес.

Бардык атактуу композиторлордун чыгармаларын зор ынтаа коюп, кылдаттык менен изилдеп чыктым. Мен алардан үйрөндүм - деп жазган кийин Моцарт. Моцарттын алгачкы окутуучусу өзүнүн атасы болгон. Ал атактуу педагог, композитор, мыкты скрипкачы, ишкер, суз киши болгон. Вольфганг өзүнүн мүнөзү жагынан энесин тарткан. Карапайым жана ишенчээк Моцарт адамдар менен тез эле тил табышып кетчү, бирок үй тиричилиги менен иши болгон эмес. Акча жана кызмат абалы үчүн бай адамдардын алдында аларга көзкаранды сараң музыканты болууну каалабаган. Моцарт 26 жашында туулуп өскөн Зальцбург шаарынан Венага келип, өз алдынча жашай баштайт. Бул жерде да бардык жердегидей эле анын клавесинде ойногон өнөрүнө журтчулук таң калышкан, музыканын чыныгы күйөрмандары анын симфония, соната жана Фигаронун үйлөнүү тою, Дон Жуан, Сыйкырдуу чоор операларына баш ийип таазим кылышат...

Бирок ал кезде веналык ак сарай театрларында италиялык композиторлордун операларын коюу өнөкөт болуп кеткен. Немец композиторлорунун музыкасын веналыктар жаман көрүшчү. Моцарт болсо ата мекендик музыканын беделин көтөрүүгө умтулган. Композитордун душмандары Венада жашаган он жылдык өмүрүндө анын талантына татыктуу ишке орношуна каршы бардык аракеттерди жасашкан. Моцарт чыгармачылыгы гүлдөп турган мезгилде, 36 жашка толо элек курагында дүйнөдөн кайткан. Кыйналып иштөө (ал күн сайын концертке чыгып турган) жана муктаждык анын денсоолугуна залал келтирген. Бирок Моцарттын музыкасы эч качан өлбөй турган, тунук жана нур чачкан жаркыраган дүйнө болгон. Композитордун чыгармалары акыл-эстин, адилеттүүлүктүн жеңишине адамдарды ишендирет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3312, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу