Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Модэ Шануй

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Модэ Шануй

Модэ Шануй (кыт. шануй - тенир куту) - б. з.ч. 209-174-ж. хунн урууларынын башчысы. Хунн урууларынын шануйу Toy Мандын улуу уулу. Toy Ман кытайлардан женилип алсырай тушкондо юэчжилердин талабы б-ча Модэни аманатка берген. Toy Ман юэчжилерге басып киргенде М. ш. хунндар тарапка откон. Ал оз аскерлерин таамай атууга машыктырган ж-а буйрукту кынк этпей аткарууга кондургон. Б. з. ч. 209-ж. Модэ оз атасын олтуруп, такка олтурат.

Чыгышта жашаган дунхуларды, кийинки жылы юэчжилерди караткан. Б. з. ч. 203-201-ж. тундук тарабындагы коншулары хунуйлорду, куйешелерди, Саян тоолорунун этегин мекендеген динлиндерди, Чыгыш Туркстандын тундугундо жашаган кыргыздарды басып алган. Б. з. ч. 201-ж. Кытайга кол салат. Б. з. ч. 198-ж. кытай императору Лю Бан м-н «бейкуттук ж-а туугандык» келишимин тузгон. Иш жузундо кытай императору Модэге козкаранды болуп, салык толоп турууга мажбур болгон. Б. з. ч. 177-ж. Модэ юэчжилерди, усундарды ж-а Чыгыш Тениртоодогу башка элдерди да баш ийдирген. Модэ олгондон кийин (б. з. ч. 174-ж.) такка уулу Лаошань отурган.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 6274, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо