Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Молдавия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Молдавия
"Молдавия" - жердин янты - 33700 чарчы/чакырым. Калкы - 4147000 адам. Молдовага караштуу аймак анча деле чоң эмес, бирок табигат жерине жылуулукту, күн нурун, кунарлуу топуракты марттык тартуулаган өндүрүмдүү аймак. Аймакта суусу мол, кооз Днестр ошондой эле Прут дарыялары мелмилдеп агууда. Учу-кыйрына көз жетпеген мейкин талааларда буудай, жүгөрү күнкарама, кант кызылчасы өңдүү эгилме өсүмдүктөр помидор, дарбыз, коон, баклажан ж. б. бакчалары аркылуу айкалышып өсүп турат. Мамлекеттик жемиш бактары бир укмуш! 30 чакырымга созулуп жаткан бакчаны көрдүнүз беле? Бул бак Тирасполь шаары Первомайск кыштагынын ортосунда созулуп жатат.

Күн нуруна бөлөнгөн Молдованын бакчаларында укмуштуудай сонун жүзүмдөр өсөт. Өлкө заводдору бакчалар, жүзүм аянттарын иштетүүчү тракторлорду жана башка айыл чарба машиналарын, электр кыймылдаткычты, өлчөөчү аспапты, муздаткычты, кир жуугуч машиналарды ж. б. чыгарат. "Молдавия" Жашылча-жемиштен консерва жасоочу, малдын, өсүмдүктүн майын чыгаруучу, кант жасоочу комбинаттар бар. Республикада негизинен жылуулук электрдик станциялар иштейт. Алардын эң чоңу - Молдова ГРЭСи. Днестр дарыясына Дубосар электр станциясы салынып, чоң суу сактагыч курулган. Суу сактагычтын суусуна айыл чарба талааларын сугарышат.
Сугат ишине майда суулар, көлмөлөр, артезиан кудуктары пайдаланылат, анткени республиканын аймагына жамгыр аз жаайт. Молдованын борбору Кишинёв - жашыл бакка чөмүлгөн, көчөлөрү түптүз кооз шаар.

"Молдавия" өлкөсүнүн татынакай аппак үйлөрүнүн дээрлик бардыгы согуштан кийин курулган. Республикада молдавандар менен катар орус, украин, гагауз, болгар, армян, цыган ж. у. с. башка улуттардын өкүлдөрү бирге жашашат.
Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4837, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-21
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу