Молдобаев Тавалды Кадырович

Молдобаев Тавалды Кадырович (22. 12. 1951-жылы туулган, Ысык-Көл областы, Түп району, Чоң-Жергез кыштагы) – генерал-майор (1997). КМУну (1973), Алматы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын (1977), Москвадагы М. В. Фрунзе атындагы аскер академиясын (1987) бүткөн. 1973–78-жылдары Фрунзе шаарынын Свердлов райондук аскер комиссариатында начальниктин жардамчысы, 1978–83-жылдары Аламүдүн райондук аскер комиссариатында бөлүмдүн начальниги, 1983–88-жылдары Пржевальск, 1988–91-жылдары Фрунзе шаарынын Свердлов райондук аскер комиссариаттарынын комиссары, 1991–92-жылдары Кыргыз ССР аскер комиссариатында 1-бөлүмдүн начальниги – республикалык аскер комиссарынын орун басары, 1992–94-жылдары коргоо иштери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинде төраганын орун басары – уюштуруу мобилизация кылуу башкармалыгынын начальниги, 1994–95-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары, 1995–2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинде башкы штаб начальнигинин орун басары, борбордук тыл башкармалыгынын начальниги, 2000–06-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Бишкек жогорку аскер окуу жайынын начальниги, 2006–07-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабында начальниктин орун басары болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)