Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

молмолум

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | молмолум

Созу, обону Барпыныкы

Беттин корку нур менен,

Белдин корку кур менен.

Биз суйгон сулуу - Молмолум,

Белгилуу болот ыр менен.

Кедейликтин дартынан

Кейип жаным оксудум

Тосо албады кедейлик

Ашыклыктын откунун

Жарыя айтпай бул ишти

Канбайт окшойт кокшунум.

Эки илебин - кызыл гул

Ачылгандай Молмолум

Бир карасан - журокко от

Чагылгандай Молмолум.

Мандай чачын - маргалан

Жибегиндей, Молмолум

Сенин ышкын - баланын

Тилегиндей Молмолум

Гулзар кьшчы журоктун

Какшып жаткан чолдорун.

Отумдуусун - Озгондун.

Куручундой Молмолум

Созулганын зергердин

Кумушундой, Молмолум

Майиндигин - жоргонун

Журушундой, Молмолум.

Куйдум, молмол аппагым,

Ааламдан сендей таппадым

Ышкысы кучтуу жаштыкты

Ыксыя жакка чачпагын.

Чыныга куйган бал болсон,

Чымындай ага малынсам.

Чыгалбай жатып ошондо,

Чын озуно багынсам,

Чыгарып койсон боор ооруп,

Чырагын болуп жагылсам.

Анты оролуп мойнуна

Ак маржан болуп тагылсам.

Жанындан туптоп бездеген.

Жаш улан колун кезгеген,

Жанаша буткон алмандын

Бироон бер деп жалынсам

Угар белен, унумду

Алар белен тилимди?

Сооротор белен баладай,

Санааркап жургон дилимди?

Бетиме тушсо жамалын,

Ашыглык отко жанамын,

Боорукер болсон колдоп ал,

Боздоп жургон баламын.

Алкымына жарашкан

Алтын иймек сагагын

Ай тийгенсип корунот

Ак бермет таккан тамагын

Боз уланды какшаткан,

Болор-болбос баш баккан

Сенин когучкон тумшук мамагын.

Койногундон копчогун,

Куп жарашат чонтогун.

Коп уланды куйгузгон,

Койнокко озун суйгузгон

Сенин когучкон тумшук мамагын.

Айдап-айдап мал бербей,

Айры оркочтуу нар бербей.

Суруп-суруп мал бербей

Суйру оркочтуу нар бербей.

Тартууга берсем озумду

Алар белен, Молмолум?

Ашыглыкка бир дабаа

Табар белен, Молмолум?

Же, мал бербей, озун берет деп,

Олосо кимге керек - деп,

Чанар белен, Молмолум?

Берейин десем малым жок,

Мал табууга алым жок.

Кедейликтин дартынан.

Тышым жалын, ичим чок,

Мандайга жазган ушубу?

Чечалбадым мен ойлоп,

Бирок да мунун баарына

Карабайт экен конул жок

Мин азапка кайылмын

Корунуп койсон бир жолу,

Булуттан чыккан айга окшоп.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 2208, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо