Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Монблан

Монблан (француз Mont Blanc, италиялык Monte Bianco) – Батыш Европадагы эң бийик тоо массиви жана чоку (4807 м), Франция менен Италиянын чек арасында. Узундугу 50 км. Гранит, гнейс, кристаллдык сланец тоо тектеринен түзүлгөн. Өтө тилмеленген альп тибиндеги рельеф мүнөздүү. Кар чеги 2850–3100 м бийиктен өтөт. По жана Рона дарыясынын суу бөлгүчү. Мөңгүлүү (аянты 200 чарчы/чакырымден ашык, ири мөңгүсү – Мер-де-Глас). Альпинизм, туризм өнүккөн. Астрологиялык жана метеорологиялык обсерваториялар иштейт. Монбландагы тешкен тоо (тоннель уз. 11,6 км) аркылуу Францияны Италия менен байланыштырган автомобиль жолу өтөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)