Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Моряк же деңизчи

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Моряк же деңизчи

Деңизчинин кесиби кыйын жана коркунучтуу. Деңизчи акактаткан аптап, кычыраган суук болобу, айсыз караңгы түн же каректи ороп-чулгаган калың туманбы, эриктирип көңүл чөктүргөн штиль (деңиздин желсиз, кыймылсыз турушу) мезгилби же тоодой толкундар кемени каптап өтүп, палубага бут тийбией калган албуут шторм кезиби - дайыма вахтада. Деңизчилер илгерки убактарда жаңы жерлерди ачып, алыскы өлкөлөргө барчу жолдорду тапкан. Алар жүктөрдү жеткирип, соодагерлер менен саякатчыларды, аскерлер менен жер которуучуларды ташыган. Балык уулоочу кемелер балык кармашкан. Деңиз аңчылары деңиз мышыгын уулоо үчүн түндүк аралдарга барышкан.

Андан бери көп нерсе өзгөрдү. Жүргүнчүлөрдү ташуучу килейген кемелер өзүнчө эле бир сүзүп жүрүүчү шаарларды элестетет. Алар миңдеген туристтерди салып алып, океандар менен деңиздерди аралап ары-бери катташат. Кубаттуу муз жаргычтар түндүк деңиздерде кемелердин кербенине жол ачып, баштап жүрүшөт. Аябагандай зор танкерлерге 400 миң тоннага чейин нефть батат.

Сүзүп жүрүүчү балык заводтору, балык уулоочу флотилияларды коштоп жүрүп, аларга портко барбай бир нече айлап иштөөгө мүмкүндүк берет. Рефрижератор - кемеде кубаттуу муздаткыч жабдуулары орнотулган. Алар тез бузулуучу жүктөрдү алыс жерлерге, үбөлөнмө жүктөрдү ташуучу атайын кеме - балкер деп аталат, ал эми жыгач устундарды атайын устун ташыгыч кеме ташыйт. Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүчү, эс алуу жана көнүл ачуучу да кемелер бар. Башка түрлөрү да толуп жатат. Кемелерде татаал механизмдер орнотулган, аларды көзөмөлдөп иштетүү үчүн көп билим талап кылынат. Ошондуктан азыр кемеде капитан, анын жардамчылары боцман жана матростордон тышкары мотористтер менен механиктер, электриктер менен радисттер, сууга чумкуучулар менен помпа (суу сордуруучу машина) машинисттер, инженерлер менен техниктер... Баарын санай да албайсың! Уламышка айланган желкемелердин убагынан бери далай нерсе өзгөрдү.

А. С. Пушкин эркин стихия деп атаган деңиз гана өзгөргөн жок. Илгеркидей эле азыр да бул стихия деңизчилерден чыдамкайлыкты, эр жүрөктүүлүктү, өз ишине берилгендикти талап кылат. Деңизчилердин формасы - кырбусу жок, ичке тасмалуу шапкеси, кара бушлаты ясана анын үч бурчтукка окшоп ачылып туруучу жакасынан көрүнүп турган көк ала жолчолуу ич көйнөгү мурдагыдай эле балдарды өзүнө тартып, кызыктырат. Бирок убакыт бир орунда турбайт эмеспи, ошондуктан, денизчилердин формасына ар түрдүү. Болгону азыр болочок деңизчилер адегенде кемелерге эмес, деңиз мектебине барышат. Ал жерден азыркы күндө деңизчи үчүн өтө зарыл болгон кесиптердин бирин үйрөнүшөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 939, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу