Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мукаш Абдраев

Баш барак | Биографиялар | Мукаш Абдраев

Борборубуздагы гүлгө оронгон парктардын биринин жанында заңгыраган мектеп орун алган. Мектептен эртеден кечке шаңдуу ыр, музыка угулуп турат. Ал балдардын Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаты - республикадагы музыкалык билим берүүнүн очокторунун бири. Музыкага өмүрүн арноону каалаган жаш талапкерлер бул мектептен окуп билим алууга келишет. Мектептин композитор Мукаш Абдраевдин ысымын алып жүргөнү да бекеринен эмес, анткени композитор балдарга арнап көптөгөн ырларды жараткан. Ал балдарды абдан жакшы көргөн жана алардын чыныгы досу болгон.

Профессор Мукаш Абдраев жаштарга музыкалык билим берүүдө талбай эмгектенгендиктен анын көп шакирттери азыр көрүнүктүү музыкант, ырчы, обончу катары элге таанымал болду. Композитордун "Ата Мекен", "Бешик ыры", "Ой балапан", "Тынч-тыкты мен да сүйөмүн", "Достук үн менен", "Мектебим", "Кыргызстан жаштары" сыяктуу ырларын балдар азыр да ырдап жүрүшөт. Мукаш Абдраев өз талантын бардык музыкалык жанрда көрсөтө алды. Анын чыгармачылыгында кантата, оратория, вокалдык-симфониялык поэма жана симфониялар кеңири орун ээлейт. Ондогон аспаптык пьесалары, күүлөрү бар. Анын "Жаш жүрөктөр", "Токтогул", "Олжобай менен Кишимжан" опералары кыргыз сахнасынын сыймыгы болуп калды. Ал мектеп окуучулары үчүн жазылган "Ырдоо" окуу китебинин автору болгон. Анын "Ырлар", "Менин мекеним", "Тандалган ырлар" деген обондуу жыйнактары жарык көргөн.

Мукаш жөнүндө:
Мукаш Абдраев 1920-жылдын 5 майында Кызыл-Аскер районуна караштуу Чоң-Жар айылында туулган кыргыз композитору. Кыргыз ССРинин композиторлор бирикмеси башкармалыгынын төр агасы (1967-1979-жылдар). 164-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген искусство ишмери, 1974-жыл кыргыз ССРинин эл артисти, ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, педагог жана профессор. Кыргыз ССРинин Жогорку Кенешинин 7-чакырылышынын депутаты.

Ата-энеден эрте ажырап, таякеси, атактуу кыргыздын элдик артисти жана ырчысы Шаршен Термечиковдун колунда өсөт. Мукаштын бала чагы туулуп өскөн айылында өтүп, он бир жашка толгондо, ата-энеси менен Фрунзе шаарына келет.

1944-жылы Москва консеваториясындагы Кыргыз студиясын, андан соң 1950-жылы П. И. Чайковский атындагы Москва консеваториясына С. Н. Василенконун композиция классына тапшырат.

1960-жылы Кыргыз айымдар педагогикалык институтунда музыка кафедрасынын доценти болуп эмгектенген. 1967-жылы Кыргыз искусство институтунун теория жана композиция кафедрасынын башчысы. 1973-жылы профессор болуп дайындалат.

СССР композиторлор бирикмесинин мүчөсү жана катчысы болуп шайланган, эки жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган.

Жайгаштыруу: 2016-12-22, Көрүүлөр: 9031, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-12-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо