Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Муратбек Рыскулов (1907-1974)

Баш барак | Биографиялар | Муратбек Рыскулов (1907-1974)

Айылдагы кең клубдун ичинде бут коёрго жер жок. Орундук жетишпей тикесинен тик тургандар канча! Буттарынын талыганын сезишпей, канча убактан бери - сахнадан көздөрүн албай отурушат. Жүздөрүн бирде кубаныч араласа, бирде өкүнүч, бирде кыжырдануу чулгайт.

Сахнада оюн жүрүп жатты. Тейитбек хан кара өзгөйлүгүн карматып, жоо каптап келатса өз уулуна ат бербей, адамкерчиликтен кетип, элинин тилегине каршылык көрсөттү. Алдына атакелеп келген келинин көңүлүн калтырып, уулу Курманбекке тескери бата берип каргап-шилеп жатты. Оюн көрүп отурган эл каардуу хандын бул жоругуна нааразы болушту.

Толкуй түшүштү. Кимдир бирөөнүн чындап эле ачуусу келип, олтурган жеринен кыйкырды, эч ким ага күлгөн жок. Сахнада өтүп жаткан окуяны чындыктай кабыл алып жатышты. Оюн аяктап, артисттер эл алдына чыгышканда Тейитбектин ролун аткарган Муратбек Рыскуловго дүркүрөткөн кол чабышты. Рахмат!, өнөрүңө баракелде! - деп алкыштарын жаадырышты.

СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун чеберчилиги, таланты эл оозунда өзгөчө толкундануу, өзгөчө бир сыймык, урматтоо менен айтылат. Жаш актёрлор: Муратбек агайдай ойной алсам! - деп эңсешет, Муратбек Рыскулов Нарын областындагы Жумгал районундагы Кайырма кыштагында туулган. 1936-жылдан Кыргыз музыкалык драма театрында иштейт.

М. Токобаевдин Кайгылуу Какей драмасында Чойбектин ролун алгач ирет аткарат. Кийин ал драмалык чоң образдарды жаратып, чеберчилигин көрсөтүү менен элге кеңири тааныла баштайт. Mуратбек Рыскулов жөнүндө сөз болгондо көз алдыңа У. Шекспирдин Отеллосу, Король Лири, Курманбек драмасындагы Тейитбек тартыла түшөт.

Анткени актёр бул образдарды ушунчалык ишеничтүү, турмуштун өзүндөгүдөй жандуу түзө алган. М. Рыскулов кинодо да бир катар образдарды жаратты. Алитет тоо таянды фильминде Ваалдын, Салтанат фильминде колхоздун башкармасы Түгөлбай менен чабан Асандын, Тянь-Шань кызында Ашырбай абышканын, Бакайдын жайытында Бакайдын турпатын кызыктуу түзө алган.

Ал Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Анын ысымы Нарын областынын музыкалуу драма театрына, Фрунзе шаарындагы бир көчөгө коюлган. Муратбек Рыскулов кыргыз искусствосунун өсүшүнө зор салым кошуп, өзүнөн кийинкилерге устат катары өрнөк болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1359, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу