Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Муса Баетов (1902-1949)

Баш барак | Биографиялар | Муса Баетов (1902-1949)

Муса Баетов (1902-1949)Кыргыздын белгилүү ырчысы, таланттуу обончусу Муса Баетов азыркы Ак талаа районунун Байгөнчөк айылында туулган. Ал жаш кезинен эле элдик ырларды көп угуп, аларды комуздун коштоосунда аткарган, адегенде (1931 - 1934- жылдарда) Нарын шаарында уюшулган радиодо солист болуп иштейт.

Бул жагдай анын ырчылык өнөрүнүн өркүндөшүнө чоң түрткү берген. 1936-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенди. Баетовдун коңур тембрдеги, тубаса мукам үнү Сары ой, Арпанын Ала-тоосунан, Ак Зыйнат аттуу эл ырларын аткарууда байкалып, угуучулардын сүймөнчүлүгүнө татыды.

Таланттуу ырчы эмчекчилдиги, жаңы аткаруучулук ыкмаларды, чеберчиликтин жолдорун талыкпай изденүүсү менен айырмаланган. Муса комуз, домбра чертип, кыякта да жакшы ойногон. Ырларын ошол аспаптардын коштоосу менен аткарган. Белгилүү ырчы жалаң эле аткаруучулук өнөр менен чектелип калбастан, обон жаратууда да үзүрлүү эмгектенген.

Элдик ырлардын рухунда жаралган Даанышман, Ойгоном, Сагынам, Кыздарай, Алма алам кыргыз профессионал музыкасынын таасиринде Эр Панфилов, Майданга чыкты маршалдар, Бакыт, Туткун ыры аттуу ырларына обон чыгарып, өзү аткарган. Обончу чыгармаларынын көбүн комуз менен аткарган, кээ бирлерин кыяктын коштоосунда ырдаган.

Кыяк М. Баетовдун ырларына мүнөздүү обондук кеңириликти, созулмалуулукту күчөтүп, көркөмүн арттырган. Элдик музыканын эзелтен келе жаткан салттарын толук сактап калуу менен аны андан ары өрчүткөн. М. Баетовдун чыгармачылыгы, аткаруучулук чеберчилиги жогору бааланып, Кыргыз ССРинин эл артисти деген ардактуу наам ыйгарылган. Ысмы Акталаа районунун борборуна, өзү туулуп-өскөн айылдагы мектепке, борборубуздагы көчөгө берилген.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 3647, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу