Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Музей

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Музей
Музей (байыркы грекче μουσεῖον — музалардын үйү) — табигый тарыхтын, материалдык жана руханий маданият эстеликтерин чогулткан, изилдеген, сактаган жана экспонаттаган мекеме, андан тышкары мындай мекемеде агартуучулук жана жалпы түшүндүрүү ишмердүүлүгү жүргүзүлүп турат.

Адам илгерки замандан бери, кымбат жана унутулгус буюмдарды жыйнап сактай башташкан. Андай буюмдар же коллекциялар куралдар, эмгек куралдары, китеп, кооз буюмдар байыртан чогултулуп келген.

Алар чоң чиркөөлөрдө, казыналарда жана монастырларда сакталган. Карапайым эл андай казыналар жөнүндө угушкан, бирок аларды эч кимге көрсөткөн эмес. 1719-жылы гана Пётр I тушунда Петербургда топтолгон кунсткамера же көп жылдар бою жыйналган сонундар дүйнөсү көпчүлүккө алгачкы ирет көрсөтүлгөн. Бул орус музейи болгон. XX кылымдын 90-жылдарында СССРде 1200дөн ашык мамлекеттик музей болгон. Аларда 40 миллион сүрөт, скульптура, кол жазма, түрдүү буюмдар чогултулган.

Булардан башка да миңдеген элдик жана мектеп музейлери иштеген. Музейдин түрлөрү көп. Алсак зоологиялык музейде жаныбардын, курт-кумурсканын жана көпөлөктөрдүн кургатылган кептери сакталат. Геологиялык музейлерден ар кандай минералдарды көрүүгө болот. Ошондой эле ботаника, музыка жана театр музейлери да болот. Көпчүлүк шаарлардын аймак таануу (краевед) музейлеринде — ошол аймактын жана облустун, шаардын тарыхы чагылдырылат. Дүйнөдө алгачкы жасалган электр лампасы, биринчи радио, биринчи атом станциясы, биринчи учурулган жердин жасалма жакдоочусу... Ушул өңдүү эле орус окумуштуулары менен инженерлеринин бардык эң маанилүү ойлоп чыгууларын жана техниканын жетишкендиктери Москвадагы Политехникалык музейде топтолгон.

Баа жеткис көркөм казыналар — сүрөттөр менен скульптуралар, вазалар, гравюралар Санкт-Петербургдагы Эрмитаж менен Орус музейинде, Москвадагы А. С. Пушкин атындагы сүрөт өнөр музейи менен Третьяков галереясында жана башка көркөм өнөр музейлеринде сакталып турат. Көп сандаган музейлер көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин, окумуштуулардын жана жазуучулардын, сүрөтчүлөрдүн, композиторлордун жана артисттердин өмүрүнө арналган. Клиндеги П. И. Чайковскийдин музей-үйүнө, Л. Н. Толстой жашаган Ясная Полянага адамдар ар кайсы өлкөлөрдөн келишет.

Кыргызстанда музейлер XX кылымдын 20-жылдарында гана уюшула баштаган. Республикадагы эң биринчи музей — мамлекеттик ишмер, аскер башчысы, жердешибиз М. В. Фрунзенин үйү болгон. Ал 1925-жылы 9-декабрда ачылган. Учурда (2012) жергебизде 36 мамлекеттик музей иштейт. Алардын ичиндеги Орто Азиядагы эң чоң музейлердин бири — тарых музейинде Кыргызстандын байыркы замандан тартып, азыркы күнгө чейинки тарыхын чагылдырган кызыктуу материалдар топтолгон.

Борбор калаабызга келген конокторду жана жалпы эле искусство сүйүүчүлөрдү өзүнө тарткан Г. Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун жергебиздин ажайып кооз табиятын, элибиздин жашоо-турмушун, ошондой эле ар кандай тематикадагы эң бир мыкты эмгектери коюлган.

Ал эми силер үчүн өзгөчө кызык зоология музейи болсо 1943-жылы уюшулган. Аталган музейлердин баары тең борбор калаабыз Бишкекте орун алган. Мындан тышкары республикабыздын башка жерлеринде да тарых, этнография, тарыхый-архитектуралык, музей-коруктар, мемориалдык музейлер бар. Бул музейлер адамдын дүйнө таануусун кеңейтип, билимдүү болууга чоң жардам берет. Ошондуктан, бош убакта музейлерге баруу сунушталат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 14447, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-09-06
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу