Мыйзам чыгаруу органдары (демократиялык мамлекеттерде) – конституция тарабынан негизги милдет катары мыйзам чыгаруу бийлигин ишке ашыруу жүктөлгөн мамлекеттик өкүлчүлүктүү мекемелер. Мындан сырткары М. ч. о. адатта мамлекеттик бюджетти бекитүү жана аткаруу бийлик органдарынын ишмердигине (өкмөттүн, президенттин ж. б.) көзөмөл жүргүзүү, ошондой эле айрым бир башка ыйгарым укуктар: белгилүү чөйрөлөрдөгү (эсеп палатасынын аудиторлорун, акыйкатчыны ж. б.) жогорку кызмат адамдарын шайлоо (бекитүү, которуштуруу), эларалык келишимдерди ратификациялоо, мунапыс жарыялоо ж. б. укуктары таандык. Федерацияларда жана айрым борбордон ажыратылган унитардык мамлекеттерде М. ч. о. жалпы улуттук жана аймактык болуп бөлүнөт.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер