Мыйзам чыгаруу жыйын

Мыйзам чыгаруу жыйын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палатасы – Конституциялык түзөтүүлөр жөнүндө 1994-жыды 22-октябрындагы референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-статьясынын талап-тарына негизделип, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө конституциялык кеңешме түзүлүп, сунуштарды иштеп чыккан.

Анда Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй эки палатадан турат: туруктуу иштөөчү жана республиканын бүткүл калкынын таламдарын билдирүүнүн негизинде шайлануучу 35 депутаттын составындагы Мыйзам чыгаруу жыйын, сессиялык жол менен иштөөчү жана аймактык таламдарды билдирүүнүн негизинде шайлануучу 70 депутаттын составын-дагы Эл өкүлдөр жыйыны (54-статья). 58-статьяда көрсөтүлгөндөй Мыйзам чыгаруу жыйындын бийлик-укугуна төмөнкүлөр кирет: мыйзамдарды кабыл алуу, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле алардын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу, мыйзамдарга официалдуу түшүнүк берүү, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо, аскер наамдарын, дипломаттык, даражаларды, класстык чиндерди башка атайын наамдарды белгилөө, мунапыс жарыялоо, шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо, контролдук-эсептөө палатасынын төрагасын, орун басарын жана анын аудиторлорунун составынын жарымын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу, Кыргыз Республикасынын Президентин кызматтан четтетүү үчүн ага каршы айып коюу ж. б. 63-статьяга ылайык, Мыйзам чыгаруу жыйын Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан таркатылышы мүмкүн. 1995-жылы 5-февралдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жогоруда көрсөтүлгөн конституциялык кеңешменин иштеп чыккан сунуштарына ылайык жүргүзүлгөн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)