Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Нарын облусу

Баш барак | Башкалар | Нарын облусу

Нарын облусу

Нарын облусу Кыргызстандын түштүк-чыгышында жайгашып, 1939-жылдын 21-ноябрында Тянь-Шань облусу болуп негизделген. 1962-жылдын 30-декабрында чачыратылып, анын карамагындагы аймактар республикага баш ийген. Ал эми Нарын облусу болуп 1970-жылдын 11-декабрынла кайра негизделген.

1988-жылдын 5-октябрында Ысык-Көл облусу менен биригип, 1990-жылдын 14-декарында кайрадан Нарын облусу болуп калган. Облус чыгышынан Ысык-Көл, түндүгүнөн Чүй, батыштан Жалал-Абад жана Ош облустары менен чектешет. Ал эми түштүк жагынан Кытай менен чектеш. Облустун курамына 5 аймак (район) кирет, алар: Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын райондору.

Административдик борбору жана ички Тянь-Шаньдын эң чоң шаары катары Нарын ш. эсептелет. Шаар 1865-жылы аскер чеп катары, Кашгарга кеткен жолдо жайгашкан айылдан пайда болгон.

Жалпы аянты 45,2 миң чарчы чакырым, бул Кыргызстандын төртөн бир бөлүгүн түзөт. Калкынын саны 287,0 миң адам, анын ичинен райнодор боюнча Нарын ш. 40,0 миң, Ак-Талаа - 32,5 миң, Ат-Башы району - 54,9 миң, Жумгал району - 44,3 миң, Кочкор району - 66,2 миң, Нарын району - 49,1 миң адам (2019-жылкы стат маалымат)

Тоолор жана рельеф
Облус тоолуу аймакта жайгашканына байланыштуу, рельефи татаал келип, деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктикте, аймагынын 70 пайыздайын тоо кыркалары ээлейт. Алардын эң ирилери: Какшаал (узундугу 582 чакырымга созулган эң ири тоо кыркасы, Кытай жана Кыргызстанды бөлүп турат), Ат-Башы, Нарын, Жетим, Молдо-Тоо, Суусамыр. Басымдуулук кылган кыркалардын бийиктиги 3000-4000 метр, эң бийик жери - Данкова чокусу (5982 метр). Тоо кыркалары көптөгөн өрөөндөр менен бөлүнүп турат.

Нарын облусунун тоолору

Алардын эң ириси Нарын өрөөнү. Ак-Шыйрак тоо кыркасы Нарын өрөөнүн экиге бөлүп турат: Алабука жана Тогуз-Торо. Ат-Башы тоо кыркасынын түштүгүндө Аксай жана Чатыр-Көл өрөөндөрү жайгашкан, батышында Арпа өрөөнү. Байбиче-Тоо, Жаман-Тоо, Ак-Шыйрак, Ала-Мышык тоолоруна чукул жантаймалар, кыска капчыгайлар мүнөздүү. Облустун түндүгүндө Кара-Жорго, Соң-Көл, Кабак, Жумгал тоо кыркалары жана тоо аралык Жумгал, Кочкор өрөөндөрү орун алган. Облустун суулары Сырдарыя, Тарима, Чу бассейнинин дарыяларына жана Чатыр-Көл көлүнө куят. Эң ири Нарын дарыясы, анын облус аймагындагы узундугу 400 чакырымдан ашык. Нарын дарыясынын негизги булактары Чоң жана Кичи Нарын, Он-Арча, Ат-Башы, Алабука, Көк-Ирим, Көкөмерен суулары. Чу дарыясы Жоон-Арык жана Кочкор дарыяларынын кошулуусунан пайда болот. Облустун ири көлдөрү Соң-Көл жана Чатыр-Көл тектоникалык чуңкурларда жайгашкан.

Нарын облусунун осумдуктору
Нарын областынын өсүмдүк дүйнөсү ар түрдүү. Тоо боорлорунда тик ландшафт алкактары көрүнөт. Тоо чөлдөрүнүн жана жарым чөлдөрүнүн алкактары өрөөндөрдүн түп жагында, тоо этектеринде, дарыялардын жээк аймактарын, Чатыр-Көл көлүнүн төмөнкү бөлүктөрүн ээлейт. Өсүмдүктөрдүн арасынан шыбак, эрмендер басымдуулук кылып, кез-кез бетеге, амаранта, эфемерлер, тугай токойлору бар. Соң-Көл ойдуңу жана кээ бир бийик тоолуу өрөөндөр тоо-талаа алкагына таандык. Бул жерде тоо чөлдөрү, талаалары жайылып, ал жакта бетеге, тарак баш, кобрезия, шыбак жана эфемерлер басымдуу. Тоо боорлору, айланасындагы өрөөндөр субальп алкагына тиешелүү. Тоо шалбаа жер кыртышында субальп шалбалуу өсүмдүктөр бар. Токойлор жана бадалдар облустун 3 пайызын ээлейт. Алар ийне жалбырактуу жана тугай токойлору болуп бөлүнөт.

Нарын облусунун климаты
Облустун климаты континенталдуу, кышы суук жана узак. Январдын орточо температурасы -15 градус. Температуранын абсолюттук минимуму Ак-Сай өрөөнүндө -50 градус катталган. Чатыр-Көлдүн аймагында, Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө, Соң-Көл ойдуңунда кыш суук, жай мезгили жылуу бирок кыска. Сутка ичинде температуранын чукул өзгөрүүлөрү мүнөздүү, жайкысын да үшүк жүрүшү мүмкүн. Орточо жылдык жаан-чачындар түздүктөрдө 200-300мм түзүп, тоолордо кичине көбүрөөк. Жаан көп жааган мезгил жаздын экинчи, жана жайдын биринчи жарымына туура келет. Бул учурда жылдык жаан-чачындын 30-60 пайызы түшөт. Өрөөндөрдө жаандын көлөмү батыштан, чыгышты карай көбөйөт. Кардын калыңдыгы өрөөндөрдө 15-20см, Кочкор өрөөнүндө гана катуу шамалдын айынан кар азыраак.

[ushka=seredina]

Туризм жана эс алуу
Нарын облусу узак саякаттар үчүн идеалдуу жер: треккинг, вело-мото туризм, рафтинг, авто унаа саякаты. Облустун ачык кеңдиктери, анча чоң эмес калк жайгашуусу туристтерге жакшы таасирин тийгизет. Облус бийиктиги 3000 метрден кем эмес, бийик тоолуу көлдөр, ошондой эле Нарын облусунун өрөөндөрүн бириктирип турган кооз жана татаал ашуулары менен белгилүү.

Дал ушул Нарын облусунда акыркы 300 жылда анча өзгөрбөгөн, чыныгы көчмөн кыргыздардын жашоо-тиричилиги менен таанышса болот. Эгер маданий эстеликтер кызык болсо, анда сөзсүз Таш-Рабатка барып келиңиз. Бул Борбордук Азиядагы Улуу Жибек жолунун бирден-бир байыркы кербен сарай.

Таш-Рабат

Нарын облусу Кыргызстандын тоолуу ,кең облустарынын бири. Аймактын 70 пайызынан көбүн тоолор жана тоо кыркалары ээлейт, алардын ичиндеги Ала-Тоо тоо кыркасынын ириси Какшаал-Тоо, ошондой эле Ат-Башы, Молдо-Тоо, Нарын-Тоо, Суусамыр-Тоо жана башкалар. Ошондой эле Нарын облусу өлкөнүн суу запастарын көпчүлүгүн ээлейт. Бийик тоолуу көлдөр Соң-Көл, Көл-Суу, Чатыр-Көл туристтер арасунда өтө популярдуу. Облуста Тянь-Шандын эң чоң суусу Нарын дарыясы башталат.

Облус салыштырмалуу алыскы аймакта жайгашканына байланыштуу эли анча көп эмес, ушуга байланыштуу тарыхый эстеликтер дагы анча көп эмес. СССР убагында Нарындын көпчүлүк аймагы табиятты сактоо максатында туристтерге жабык болчу. Ушул себептүү учурда облус эко туризм үчүн өтө ыңгайлуу.

Нарын облусу жөнүндө кызыктуу фактылар

Орто Азиядагы эң ири кербен сарай
Өзүңөз билгендей Нарын облусунда Таш-Рабат аталган кербей-сарай жайгашкан. Бул курулма 15-кылымда Орто Азиядан Кытайга баруучу Улуу Жибек жолунда курулган. Ал жер башка өлкөлөрдөн келген соодагерлердин, көпөстөрдүн, элчилердин, саякатчылардын туруктуу сарайы эле. Таш-Рабат өзүнүн чоңдугу менен гана эмес, курулуш таалдыгы менен да айырмаланат.

Нарын табияты
Нарын өзүнүн түрдүү флора жана фаунасы менен да айырмаланат. Мында реликтүү сейрек, Тянь-Шань көк карагайы жана туркестан арчасы өсөт. Чычырканак, эфедра, чөп чай, тегерек чөп баш, валериана өсүмдүктөрү аз эмес. Облуста сейрек канаттуулар жана жаныбарлар да мекендешет алар: кара кунас, ителги, бүркүт, көк жору, тоо каз, талаа бүркүтү, суу бүркүт, аркар, кызыл карышкыр, жейрен, аюу, сүлөөсүн, ак илбирс.

60см чейинки кар
Кардын жалпы орточо калыңдыгы Нарын жана Жумгал өрөөндөрүндө 15-20см түзөт, ал эми Арпа өрөөнүндө 60см чейин жетет. Албетте тоолордо 2-3метр калыңдыктагы карлар түшөт бирок мындай кар бардык жакка тегиз түшпөйт.

99% кыргыздар
Нарын облусун моноэтникалык деп койсо да болот, анткени калкынын 99 пайызын кыргыздар түзөт.

Наристелер көп төрөлөт
Облус калкынын саны боюнча аз болсо да, бул жакта бала төрөлүүнүн көрсөткүчү жогору, жана адам өлүү көрсөткүчү төмөн. Эмиграция денгээли жогору.

Мурда Тянь-Шань облусу болчу
Башында айтып өткөндөй алгач облус Тянь-Шань аталчу. Кийинчирээк Нарын облусу болуп өзгөргөн.

Кен байлыктарга бай
Облус аймагы кен байлыктарга бай келип, Жетим темир кени Орто Азияда жападан жалгыз кен. Ошондой эле Садык нефелин сиенит, коргошун, цинк жана алтын кендери бар. Кочкор өрөөнүндө ири туз таштарынын кени жайгашкан. Албетте, түрдүү курулуш кендери дагы аз эмес алар: чопо, кум, шагыл, гравий, мрамор. Термалдык жана минералдык булактар да аз эмес.

Нарын дарыясы жөнүндө

Нарын дарыясы

Дарыя Кыргызстан жана Өзбекстандын аймактары аркылуу өтөт. Кара-Дарыя менен кошулуп Сырдарыяны түзөт. Дарыянын узундугу 807 чакырым, бассейн аянты 59,9 миң чарчы чакырым, Чоң жана Кичи Нарын сууларынын кошулуусунун пайда болот. Таш-Комур, Нарын, Үчкурган шаарлары аркылуу өтөт. Баш жагында аянты 91023,5 гектар болгон Нарын мамлекеттик коругу орун алган. Нарын дарыясынын орточо 15 пайызы Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат, калганы Өзбекстан жана Казакстанга агып кетет. Суу энергиясынын запасы боюнча Волга дарыясына жакын, Волга дарыясы 6,20 млн киловатт, Нарындыкы 5,94 млн киловатт. Айтып коелу Волга дарыясы жер шарындагы эң ири дарыялардын бири.

Сон-Көлдө балык жок эле

Сон-Көл

Кыргызстандын ири көлдөрүнүн экинчиси Соң-Көл деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте жайгашып, узундугу 29 чакырым, туурасы 18 чакырымды түзөт. Максималдуу тереңдиги 13,2 метр. Суунун орточо температурасы -3,5 градус, жайкысын 11 градуска чейин жылып, кышкысын -20 чейин муздайт. Көлдө сентябрь айынан июньга чейин муз тоңуп турат. 1959-жылга чейин көлдө бир дагы балык жок эле, андан кийин биологдор атайын балыктын чабактарын көлгө кое беришкен.

Чатыр-Көлгө жетүү кыйын

Чатыр-Көл

Кыргызстандын бардык суу запастары Нарын облусунда чогулгандай. Чатыр-Көл болсо Кыргызстандын ири көлдөрүнүн катарына кирип, Ак-Сай өрөөнүндө деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте, Кытай чек арасынын жанында орун алган. Анын тереңдиги 16,5 метр, ал эми суунун температурасы июль-август айларында 6-16 градус айланасында. Торугартка бараткан туристтер көлдүн жээгине көп токтошот. Бирок, көлдүн айланасындагы жер кыртышы саздак болгонуна байланыштуу ал жакка өтө алышпайт. Ал үчүн чек ара кызматкерлеринин атайын улуксатын алуу зарыл.

Дүйнөнүн эң кичине шаары

Нарын шаары

1994-жылы Нарында троллейбус транспорту иштей баштаган. Ушуга байланыштуу Нарын шаары троллейбус каттамы бар дүйнөдөгү эң кичинекей шаар. Троллейбустун маршруту бир гана көчө аркылуу өтөт.

Нарын облусунун атактуулары
СССРдин эл артисти, балет артисти Чолпонбек Базарбаев, театр жана кино актеру, СССР эл артисти Муратбек Рыскулов, композитор, дирижер Калый Молдобасанов жана башкалар.

Сырдуу Көл-Суу

Көл-Суу

Бул көл теги муз-мөңгүлүү, бийик тоолуу Нарын облусунун түштүк-чыгыш жагындагы көл. Көлдүн өңү ачык көк, жашыл сыяктуу болуп, айланасындагы тоолор менен мыкты түстүү айкалышта. Бир караганда голивуд кинотасмаларындагы көлдөрдөй өтө сырдуу жана мистикалык көрүнүшкө ээ. Көл уранды типтеги болуп, тоо жарларынын ортосунда пайда болгон. Тоолор тосуп турганына байланыштуу, көлдүн аркы жээги көрүнбөйт, ал үчүн кайык же кеме менен сүзүп өтүш керек. Көлдүн узундугу 9 чакырым, туурасы 500метрден 2 чакырымга чейин. Көл-Суу кээде жок болуп кетет, кээде пайда болуп калат, ушуга байланыштуу муну сырдуу көл дешсе керек. Көлгө жетүү өтө татаал.

Кымбаттуу достор, Нарын облусу жөнүндөгү кыргызча макалабызга ой-пикирлериңиз же макаладан ката тапсаңыз жазгыла. Дагы-дагы, көп-көп кызыктуу фактыларды силерден күтөбүз.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 42454, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо