Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Нарын облусу

Нарын облусу Кыргызстандын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Кыргызстандын эң чоң облусу. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1939 жылдын Жетинин айынын 21деги Указы менен Тянь-Шань облусту rulit болуп негизделген. 1988-жылы Тянь-Шань жана Ысык-Көл облустары бириктирилген. 1990-жылдын Бештин айынын 14дө кайра Нарын жана Ысык-Көл облусу болуп бөлүнгөн.

Нарын облустуда 5 район, 1 шаар, 135 айыл бар.

2002-жылы облустун аймагында республиканын калкынын 5,2%и (257,9 миң) жашаган. Алардын 98,8% кыргыздар, калгандары орус (0,2%), өзбек (0,3%) ж. б. улуттар. Республикадада калкы эң сейрек отурукташкан облус, анын калкынын орточо жыштыгы: 1 чарчы/чакырым жерге 5,8 адам туура келет . Жумгал, Кочкор жана Нарын өрөөндөрүндө калк салыштырмалуу жышыраак отурукташкан. Негизинен автомобиль жолдорду жана сууларды бойлой жайгашкан. Шаар калкы облустун калкынын 18,1%ин түзөт (46,8 миң адам), алар Нарын ш-нда (41,4 миң), Достук (0,8 миң), Миңкуш (4,6 миң) шаарчаларында жашайт. Облустун ири кыштактары – Атбашы (11,9 миң), Кочкор (8,5 миң), Баетов (9,4 миң), Чаек (12,6 миң), Байзак (4,9 миң), Карасуу (4,1 миң), Кошдөбө (3,3 миң адам) ж. б. Облустун калкынын 42,7%ин эмгек курагына жете элек жаштар, 50,5%ин эмгек курагындагы адамдар, 8,8%ин улуу муундагы карылар түзөт. 2002-ж. атайын катталган жумушсуздардын саны 8,4 миң адамды түзгөн. Калктын миграциясы: облуска келгендер 2001-ж. 1388 адам, кеткендер 2575, миграциялык азаюу 1187 адамды түздү.



Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)