Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Нарынбаев Азиз

Баш барак | Биографиялар | Нарынбаев Азиз

(1924-жылы туулган, Каракол ш.) - философ; философия илимдеринин доктору (1970), Кыргызстан УИАнын корреспондент мүчөсү (1989), Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1994). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1952—57-жылы В. В. Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунун марксизм-ленинизм кафедрасында улуу окутуучу, кафедра башчысы. 1857—59-жылы Кыргыз мамлекеттик сырттан окуу педагогикалык институтунун ректору. 1959—68-жылы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунун философия жана саясий экономия кафедрасынын, 1968-жылдан Кыргызстан Илимдер Академиясынын Философия жана укук институтунда тарыхый материализм секторунун, 1975-жылдан философия тарыхы секторунун, 1977жылдан философия кафедрасынын башчысы. негизги илимий эмгектери улут маселесине арналган. Н. 200дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 15 монография) автору.

Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 468, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу