Нейтралдоо

Нейтралдоо (лат. neuter – ал дагы, тиги да эмес) – комитеталык жана негиздик касиетке ээ болгон заттардын ортосунда жүрүүчү химиялык реакция. Мисалы, НСl + NaOH = NaCl + Н2О + 13,75 ккал, НNO3 + КОН = КNО3 + Н2О + 13,77 ккал. Күчтүү кислотаны күчтүү негиз менен нейтралдоодон пайда болгон суунун ар бир молунан 13,8 ккалга жакын жылуулук бөлүнүп чыгат. Ар кандай күчтүү комитеталарды күчтүү негиздер менен нейтралдоодо суутек жанагидроксил иондорунан суунун молекуласы пайда болот, натыйжада баштапкы эки затка мүнөздүү болгон касиеттер (кислоталык жана негиздик) жоюлат. Эритменин чөйрөсү нейтралдуу болот. Нейтралдоо химиялык өндүрүштө жана калдыктарды иштетүүдө, лабораториялык практикада, айрыкча химиялык анализде колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)