Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Нигерия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Нигерия

Жеринин аймагы - 923768 чарчы/чакырым. Калкы - 126638000 адам. Африканын түпкүрүнөн суусу мол кубаттуу Нигер дарыясы агып чыгат. Ал экватордон 500 чакырым түндүгүрөөктөгү Гвинея булуңуна куят. Куйган жеринде салааланып, бир нече ондогон тарамдарга бөлүнөт. Өлкөнүн аты мына ушул дарыянын атынан алынган.

Нигерия - калкынын саны боюнча Африкадагы эн чоң өлкө. Анда ар түрдүү африкалык элдер жашайт. Көп кылым мурда эле алар өз алдынча бай маданиятын түзүшкөн. Океандын жээгине жакын ойдуңдарда жыл бою ысык, нымдуу аба ырайы өкүм сүрүп турат. Кыштактын, шаардын, жолдордун дал жанынан эле дайыма көгөрүп туруучу саздуу токойлор башталат. Түндүктү көздөй бети улам бийиктей берет. Бул жерде да аба ырайы жыл бою ысык болот, бирок жаан-чачындуу мезгил кургак мезгил менен алмашылып турат. Токойлор акырындап саваннага - чөбү көйкөлгөн жалпак дөбөлүү же мелмилдеген жайык түздүктөргө өтөт.

Бул жерлерден анда-мында топ дарак же тикендүү бадал көрүнөт. Кургакчылык маалда чөп саргайып күйүп кетет, дарактардын жалбырагы кубулат. Түндүк Нигерияны аба ырайы кургакчыл жарым чөл деп койсо да болот. Нигерияда ар түрдүү жаныбарлар көп. Саванналарда жана токой четтеринде - пил менен керик (бул жаныбарлар өтө азайып кеткендиктен коргоого алынган), жираф, антилопа, арстан, чөөлөр, дарыя, өзөндөрдө - бегемоттор менен крокодилдер, дайыма көгөрүп туруучу токойлордо - шимпанзе жана башка маймылдар жашайт. Өлкөдөгү калктын көпчүлүгү айыл чарбасында иштейт. Түштүктө дыйкандар чөп мол өскөн аянттарды тазалап, кетмендеп айдап ямс, батат, маниок өстүрүшөт. Бул өсүмдүктөр ысык жерлерге гана өсөт.

Алардын жемиши тамырында болуп, ар биринин салмагы бир нече килограммга жетет. Алар - дыйкандардын негизги азыгы. Бул жерде какао менен май палъмасы да өстүрүлөт. Май пальмасынын бийиктиги 10-15 метр, ал эми жалбырагынын узундугу 3-7 метр болот. Бир дарактан 200 килограммдан ашык мөмө алынат. Мөмөсү алчадан бир аз чоңураак келип, бир сабакка жүзүмдөй топтошуп турат. Андан өтө баалуу май алынат. Түндүктөгү саваннада бодо мал багылып, сорго, жүгөрү, арпа, ошондой эле арахис - жер жаңгак өстүрүлөт. Түшүм жыйноо мезгили келгенде карасаң, жер жаңгак салынган жүз миңдеген каптар жол бойлото, а кайсы жерде пирамида болуп үйүлүп, ташып кетүүнү күтүп кыркалай тизилет.

Какао, пальма майы, жер жаңгак чет өлкөлөргө чыгарылат. Өлкө кен байлыктарга өтө бай. Бул жерден нефть, калай жана башка түстүү жана сейрек металлдар чыгат. Кийинки жылдары Нигериянын чарбалык өнүгүшүндө бир топ жылыштар болду. Анын өнөр жай ишканалары ар кыл буюмдарды барган сайын көп чыгарууда. Нигериянын чет өлкөлөргө сатуучу негизги байлыгы - нефть.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1137, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо