Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ноосфера

Баш барак | Башкалар | Ноосфера

(грекче noos – акыл-эс, sphaira – шар дегенди билдирет) – биосферанын мыйзамдарын таанууга, билүүгө ылайык адамдардын акыл-эстүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында өзгөртүлүп түзүлгөн жер планетасынын сырткы катмары. Алгачкы жолу Ноосфера түшүнүгү француз математиги Э. Леруа тарабынан сунуш кылынган. Ал Ноосфера деп адамдардын ой жүгүртүү ишмердүүлүгүн, анын натыйжаларын адам коомунда пайдаланууну, аларды топтоону жана муундан муунга өткөрүп берүүнү түшүнгөн. Кийинчерээк Ноосферанын ушуга окшош түшүнүгү француз палеонтологу жана дин кызматкери П. Тейяр де Шарден тарабынан өнүктүрүлүп, ал "Ноосфера" деп планетанын уламдан улам кеңейип бара жаткан жана акыр аягында өз маңызынын Омега белгиси деп аталган кандайдыр бир бийик чегине жакындаган ой жүгүрткөн катмарын атаган. Ошентип, Тейяр де Шардендин пикири боюнча космостук эволюциянын жүрүшүндө акыл-эс кудай тарабынан алдын ала аныкталган бийик чекке уламдан улам жакындоодо.

В. И. Вернадский Ноосфера түшүнүгүн кабыл алган, бирок, ага терең маани берген. Ал Ноосфера деп ойлордун, идеялардын жана билимдердин жыйындысын гана эмес, биосферанын өзүн өзү жөнгө салуу мыйзамдарына ылайык келген адамдардын эмгек ишмердүүлүгүнүн негизи болуп саналган табигый процесстерди өзгөртүп түзүү боюнча материалдык натыйжаларды түшүнгөн. Вернадскийдин теориялык конструкциясында Ноосфера биосфера теориясынын органикалык уландысы болуп саналат. Турмуш-тиричилик процессинде организмдер өз тиричилигинин чөйрөсүн, биосфераны кандай жаратышса, адамдар да жандуу табияттын бир бөлүгү болуп эсептелүү менен планетанын жаңы геологиялык катмары болуп саналган Ноосфераны ошондой эле пайда кылышат. Мында биосфера адамдар тарабынан түзүлгөн Ноосферанын өнүгүшү үчүн негиз болуп саналат.

Ошентип, Вернадский планетанын өнүгүшүндөгү адамзаттын геологиялык ролу жөнүндө жазган. Биосферанын табигый мыйзамдары менен өзгөчө түзүлүшүн Вернадский Ноосфераны жаратуунун эң маанилүү объективдүү шарттары катары караган. Мындай шарттарга ал биосферага ылайык келе турган техниканын, транспорттун өзгөчө абалын, дүйнө элдеринин экономикалык өз ара мамилесин жана учурдагы маалымат каражаттарынын деңгээлиндеги маалымат алмашуу процессинин динамикасын киргизген. Булардын баары элдердин бирдиктүү глобалдуу коомго биригүүсүнө көмөк берген факторлор болуп саналышат. Бирок, дүйнөлүк коомго биригүү процессине планетанын уламдан улам азайып бара жаткан жаратылыш ресурстары үчүн күрөштүн негизинде пайда болгон социалдык-саясий бөлүнүп-жарылуу процесстери каршы турат.

Вернадский планетадагы жашоону сактап калуу үчүн аталган терс тенденцияларды туура жагына чечүүнүн маанисин баса белгилеген. Ал илим менен техниканын өнүгүшүнүн шарттарында адамзат бир бүтүн нерсе катары гана аман калат деп эсептеген. Цивилизацияны жана табигый чөйрөнү сактап калууга көмөк берген Ноосфераны түзүү бардык адамдардын жалпы милдети болуп калышы керек. Ошентип, Ноосферанын түзүлүшү глобалдуу экологиялык кризисти жеңүүнүн жана коом менен табияттын өз ара мамилесин гармониялаштыруунун негизги ыкмасы болуп саналат. Өз учурунда биосфера стихиялуу пайда болсо, Ноосфераны түзүүнүн шарты болуп табият жана коом тууралуу илимий билимдер менен маданияттын өнүгүшүнүн гумандуу традицияларын системалуу пайдаланууга таянган адамдардын аң-сезимдүү ишмердүүлүгү эсептелет. Глобалдуу системанын стихиялуу социотабигый өнүгүшүнүн ордуна илимий негизде жана пландуу программаланган өнүгүүсү келет. Мындай өнүгүүнүн программасы жана натыйжасы болуп Ноосфера эсептелет.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 12244, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо