Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Новая эра коммунасы

«НОВАЯ ЭРА» КОММУНАСЫ – 1918-жылы Кыргызстандын аймагында уюшулган айыл чарба коммунасы коммунасы. Верный шаарынан келген 50 коммунар уюштурган. Аны уюштурууда Р. П. Маречек көрүнүктүү роль ойногон. Аларга Ысыккөлдүн түштүгүндөгү Чоңжаргылчак кыштагынан жер бөлүнүп берилген. «Новая эра» коммуна алгач жергиликтүү кедейлер өткөн. Коммунанын уставы өз мүчөлөрүнөн революциялык тартипти катуу сактоону, коомдук менчик үчүн кам көрүп, балдарды тарбиялоону талап кылган. Ошондой эле уставда коммунанын мүчөлөрүн динден баш тартууга, орус жана башка тилдерди үйрөнүүгө мажбурлаган жаңылыш талаптар да болгон.

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)