Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Өмүралиев Боогачы

Өмүралиев Боогачы (10. 5. 1930-жылы туулган, азыркы Ысык-Көл облусу, Тоң району, Ала-Баш айылы) тилчи, профессор (1992), педагогика илимдеринин доктору (1999). КМУну (1954) бүтүргөн. Айылдык мектепте мугалим (1955-60), Кыргыз ИИИде илимий кызматкер, сектор башчысы (1960-91), 1992жылдан И. Арабаев атындагы КМУда додент, профессор 40тан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 13 окуу китептин автору. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. Эмгектери: Кыргыз тилиндеги татаал сүйлөмдү окутуу. Ф., 1971, Кыргыз тилинин синтаксисин окутуунун методикасы. Б., 1991, Кыргыз тили. 2-бөлүм. Синтаксис. 8-9-класстар үчүн окуу китеби. Б., 1999.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)