Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Өрдөк

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Өрдөк

Бакма өрдөктөр даамдуу эти, жумшак мамык жүнү, катуу тал канаттары менен бааланат. Бизде бакма өрдөктөрдүн көптөгөн породалары багылат. Айрыкча Москва ак өрдөгү, пекин ак өрдөгү, украин боз өрдөгү жана Харьков ак төш кара өрдөктөрү белгилүү. Өрдөктөр - суучул канаттуулар, ошондуктан алар жылдын жылуу мезгилинде жасалма көлмөлөрдөн, көлдөрдөн жана шалы талааларынан өздөрү жем таап жеп, суу ичине чанда гана чумкушат. Куйругун соройто, башы менен гана чумкуп, калак тумшугу менен суу түбүнөн азыгын алып жейт. Качан гана көлмөлөр тоңгон мезгилде өрдөктөрдү үйдө тамак-аш калдыктары, дан жана башкалар менен багышат. Өрдөктөрдү багып өстүрүү пайдалуу. Алар бат жетилет, 70 күндүн ичинде салмагы 3-4 килограммга чейин жетет. Бакма өрдөктөр жапайы өрдөктөн келип чыккан.

Кайырма, сонолор башка жапайы өрдөктөр (боз өрдөк, кыл куйрук өрдөк, калак тумшук өрдөк, чүрөк, чыбырчык өрдөк) сыяктуу эле көлмөлөрдө жашайт. Европанын, Азиянын, Түштүк Американын дээрлик бардык өлкөлөрүндө уялайт. Жапайы өрдөктүн ургаачысы - соносу эрте жазда 8, 11 жумуртка тууйт. Балапандары жумурткадан чыгып кургаары менен эле кургакта тез жөргөлөп, сууда сүзөт, чумкуй да алат. Жапайы өрдөк негизинен суу өсүмдүктөрү, курт-кумурска, моллюскалар менен азыктанат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1632, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу