Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Өрдөк тумшук жана ехидна

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Өрдөк тумшук жана ехидна

Окумуштуулар өрдөк тумшуктун бар экендигине көпкө чейин ишенишпей жүрүштү. Ал жөнүндө айтылган аңгемелерди ойдон чыгарылган, калп легенда деп эсептешти. Бирок акыр-аягында мындай жаныбарлардын бар экендигине окумуштуулар ишенген соң, мындай суроо туулду, бул эмне - канаттуубу же жаныбарбы? Адегенде аны канаттуу жаныбар деп жүрүштү, кийин ага өрдөк тумшук деген ат коюшту. Чынында эле анын тумшугу өрдөктүкүнө окшош. Эң негизгиси, өрдөк тумшук баласын тирүү туубастан, канаттуулар сыяктуу жумуртка тууйт. Кээ бир белгилери боюнча өрдөк тумшук сойлоочу жаныбарларга да жакындашат.

Мисалы, кан айлануу системасынын түзүлүшү, айлана-чөйрөгө жараша дене жылуулугу тез өзгөрүп турушу. Анын жумурткасы да сойлоочу жаныбарлардын жумурткасына окшоп кетет. Бирок өрдөк тумшукту сүт эмүүчүлөргө жакындатуучу белгилери алда канча көп. Эң башкысы, ал жумурткадан чыккан баласын сүтү менен багып чоңойтот. Өрдөк тумшук дарыялардын жээгинде жашап, өмүрүнүн көбүн сууда өткөрөт. Манжаларында жаргакчалары болгондуктан, сууда жакшы сүзөт, суу астында көпкө чейин жүрүп, сууда жашоочу ар кандай чымын-чиркей, курт-кумурскалар, алардын личинкалары, үлүл кабыкчалары менен азыктанат. Дагы бир таң каларлык жаныбар - ехидна. Ал бадалы коюу өскөн тоолуу жерлерде, токойлордо жашайт. Сыртынан караганда ал өрдөк тумшук эмес, биздеги кирпиге өтө окшош. Болгону кирпиден төрт эседей чоң. Кирпи сыяктуу ал коркунуч туула калса түйдөк болуп жатып калат, анын да ийнеси бар. Бирок, ошондой болсо да ехидна менен өрдөк тумшук - жакын туугандар.

Алардын дене түзүлүшү жагынан көп жакшылыктары бар, ехидна да өрдөк тумшук сыяктуу жумуртка тууйт. Бирок ал жумурткасын өрдөк тумшуктай жерге туубастан, курсагындагы атайын баштыкчасына тууйт. Жумурткадан чыккан баласын торолгуча ошол терең баштыкчасына салып жүрөт. Өрдөк тумшуктун да, ехиднанын да денесинин жылуулугу курчаган чөйрөгө жараша өзгөрүлүп турат. Ехидна да өрдөк тумшук сыяктуу курт-кумурскалар менен азыктанат. Ал тез чуркап, жерди өтө ыкчам казат, тик беттерде да жакшы жүрөт. Тилекке каршы, өрдөк тумшукту да, ехиднаны да биздин өлкөдөн жолуктура албайсың, алар Австралия менен Тасманияда гана жашашат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2937, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу